Get Mystery Box with random crypto!

Үмүттүү жолугушуу. Президент Садыр Жапаров 15-июнда Бүткүл дүй | Көкбөрү каналы

Үмүттүү жолугушуу. Президент Садыр Жапаров 15-июнда Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоганды кабыл алды. Президенттин сайты жолугушууда 4-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык тууралуу сөз болгонун жазды. Менимче тайказан менен көкбөрү маселеси боюнча дагы өзүнчө сөз болгондур деп ишенип жатам. Себеби дал ушу Эрдогандын баласы Түркияда жер улак (кокпар) эле болсун деген позициясын акыркы Түркиядагы жыйында айткан экен. Эми Эрдогандын башын кимдер айлантып атканы деле түшүнүктүү, бирок Жапаров менен Азамат Жамангулов көкбөрү менен кокпар эки бөлөк эмоция экенин түшүндүрдү болуш керек деп ишенели.