2022-06-30 08:30:27
Жылкы кыялына, басыгына, сынына, жашына, түсүнө бөлүнөт.
Кыялына карата бөлүнүшү:
Жүрмал — ат мыктысы, жүрүшү мыкты, алыскы жолго мингенге тынч жылкы.
Жартак — турган жеринен желет.
Чарс — азоо чалыш, кыялы чатак, чакчаңдап турат.
Чынкөр — чөптү аз жейт, чөпбашылап чалат, тандап жейт, ошондуктан арык көрүнүп ичке болот, кабыргасы саналып турат.
Какбаш — жалгыздап, ээндеп оттойт, башка жылкыны сүйбөйт, жолотпой артын салат.
Жатак — жоош, кабелтең, кашаң.
Качкы — мындай аттарды "ээр качкы" дешет. Колдон бир бошонсо карматпайт, ээсин ээн талаага таштап кетет. Аны откозгондо чылбырды колдон чыгарбоо керек.
Тиштээк — мингизбей чунаңдайт, бала-бакыраны жолотпойт.
Кишини жылкы мүнөз дегени төгүн эмес белем, кишиде да ушундай эле кыялдар болот эмеспи.
Жүрүшүнө жараша бөлүнүшү
Жылкынын жүрүшү боюнча басык, желет, желе жүрүш, таскак, текирең таскак, кой жорго, жорго, чапма жорго деп бөлүшкөн. Жылкыны жаагы катуу, чөйчөктүү, ак эттүү, кара эттүү деп да атайт.
660 views𝑀𝑒𝑒𝑟𝑖𝑚 𝐴𝑠𝑖𝑙𝑏𝑒𝑘𝑜𝑣𝑛𝑎, edited 05:30