Get Mystery Box with random crypto!

​​ ОшМУнун мыкты 10 студенти энчилүү стипендия алышты. Сына | Билим берүү порту | КGZ

​​ ОшМУнун мыкты 10 студенти энчилүү стипендия алышты.

Сынакта студенттердин ар тараптуу жетишкендиктери – мыкты окуулары, логикалык жөндөмдөрү жана сабаттуулугу, илимий-изилдөө иштериндеги ийгиликтери, тапкычтыгы, жаратмандыгы, чыгармачылык потенциалы, коомдук жана социалдык активдүүлүгү, лидерлик сапаттары жана уюштуруучулук жөндөмдөрү каралды.

Салтанаттуу иш-чарага ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова катышты.

2022/2023 окуу жылында аты аталган стипендиянын ээлери ай сайын 100 доллардан жана жылына ар бири 1200 доллардан алышат. Стипендия ОшМУда иштеген илимдин доктору, насаатчы жана меценат тарабынан уюштурулуп берилет.

Кененирээк маалымат – ОшМУ