Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер:
1.44K
Каналдан сүрөттөмө
Биз менен биргеликте Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү жаңылыктар менен кабардар болуңуз!
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
1
4 stars
0
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 2
2022-10-05 13:37:47
Гиннесс китебине кирген Рыспай Исаковду салатанттуу тосуп алыштыБүгүн, 5-октябрда “Манас -2” аэропортунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, манасчы Рысбай Исаковду тосуп алуу аземи өттү.
Аны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов баштаган өкүлдөр тосуп алды.
Рысбай Исаков Түркиянын Бурса шаарында өткөн “Манас жумалыгынын” алкагында айтуучулук багыты боюнча дүйнөлүк гиннестер китебине 124 саат убакытка манас айтуу боюнча катталган болчу.
Катталыңыз, бөлүшүңүз!
https://t.me/kaktuskg
548 views10:37
2022-10-05 11:52:56
Түркияда өзгөчө оюн көрсөткөн көк бөрүнүн жылдыздары. Мырзалардын ат жалындагы сүрөттөрү
Ат үстүндө шамалдай ойногон, улак колго тиери менен октой учкан көк бөрүчүлөр жакында эле Түркияда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып, жеңишти камсыздап келишти. Кыргыздын көзгө басар, белгилүү улакчыларынан турган курама команданын көзгө басар көк жалдарын тизмектедик.
https://kaktus.kg/doc/8714_tyrkiiada_ozgocho_oun_korsotkon_kok_borynyn_jyldyzdary._myrzalardyn_at_jalyndagy_syrottory.html
542 viewsedited 08:52
2022-10-05 08:00:20
Садыр Жапаров Өзгөгө Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча эл менен жолугушууга барган. Бирок толук эл имаратка киргизилбей сыртта күтүп турушкан. Жыйын бүткөндөн кийин сыртта күтүп турган эл президенттен түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Ага карабай Жапаров түз унаага түшүп кеткени көрүнүп турат. Анын артынан депутат Адахан Мадумаров чыкканда эл кол чаап коштоп турушту. Бирок андан да Кемпир-Абад боюнча түшүндүрмө сураганда ал деле эл менен сүйлөшкөн эмес.
Катталыңыз, бөлүшүңүз!
https://t.me/kaktuskg
565 viewsedited 05:00
2022-10-05 06:56:05
Мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!
Бүгүн, 5-октябрь Мугалимдердин бүткүл дүйнөлүк күнү. Kaktus.kg редакциясы түйшүктүү кесип ээлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт.
Ааламга жол ачкан теңдешсиз кесип ээлери, сиздерге бекем ден-соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз! Бар болуңуздар!
Биринчи мугалимиңиз эсиңиздеби
Катталыңыз, бөлүшүңүз!
https://t.me/kaktuskg
562 viewsedited 03:56
2022-10-04 14:46:37
Бир күн мурун депутат ветеринардык кызматтын жетекчисинин орун басарын кечигип келгени үчүн урушкан. Кечигип келгени үчүн сөгүш алган Бектур Мурзабеков жыйынга эмне үчүн кечигип келгенин Kaktus.media сайтына айтып берди. Анын айтымында, ал жыйынга чакырылган эмес.
Катталыңыз, бөлүшүңүз!
https://t.me/kaktuskg
628 viewsedited 11:46
2022-10-04 13:01:57
Ноябрда төрт күн катары менен эс алуу болот
Кыргызстандыктар ноябрь айында төрт күн катары менен эс алышат.
2017-жылдын 26-октябрында экс-президент Алмазбек Атамбаев жыл сайын 7-8-ноябрь күндөрү белгиленүүчү Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө тууралуу жарлыкка кол койгон.
Быйыл 7-8-ноябрь дүйшөмбү жана шейшемби күндөрүнө туура келет. Ошондуктан беш күндүк иш графиги менен иштеген жарандар 5-8-ноябрга чейин эс алышат.
Катталыңыз, бөлүшүңүз!
https://t.me/kaktuskg
619 viewsedited 10:01
2022-10-04 10:13:40
Тамашоучу, актриса Динара Багышбаева менен жолдошу ата-эне макамын алышты. Актриса кызына Амира деген ысым ыйгарганын белгиледи.
Катталыңыз, бөлүшүңүз! https://t.me/kaktuskg
608 viewsedited 07:13