Get Mystery Box with random crypto!

Жапаров Кемпир-Абаддын жанына боз үй тиккендерге катуу эскертү | Kaktus.kg

Жапаров Кемпир-Абаддын жанына боз үй тиккендерге катуу эскертүү берди

Бизге рахмат айткандан башка, эч бир доомат арта албайсыздар. Биз бир сантиметр жер берген жокпуз. Тескерисинче алдык. Жүз жылдан кийин дагы биздин эмгек, биздин чечим ак жана кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн болгонун тарых тастыктап берет. Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз. Ошондуктан Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти.

Катталыңыз, бөлүшүңүз!
https://t.me/kaktuskg