Ислам дини аялзатынын сулуулануусуна каршы эмес, күйөөсүнөн башкаларга сулуулануусуна каршы.
Күйөөсүнө гана сулуулануу жана ага гана жагынууга аракет кылуу – ыймандуу аялдын сыпаттарынан. Мына ошол себептен Аллах Таала мусулман аялзатына хижаб кийүүнү парз кылган. Хижаб – аялзатынын сулуулугун жапкан жөн гана кийим эмес, хижаб – бул аялзатынын Аллахка болгон сүйүүсүнүн далили, пайгамбарды ээрчигенинин белгиси, адамдардын жана күйөөсүнүн алдындагы абийири жана аруулугу.