Get Mystery Box with random crypto!

АЯЛДАР ТУУРАЛУУ: ПАЙГАМБАР (ﷺ) ДАН КУТТУУ СӨЗДӨР: 1. Жакшы | 💗 БАКТЫЛУУ ЖУБАЙ 💗

АЯЛДАР ТУУРАЛУУ:
ПАЙГАМБАР (ﷺ) ДАН
КУТТУУ СӨЗДӨР:

1. Жакшы мүнөздүү аял - жетимиштен ашык олуя.

2. Жаман жүрүм-туруму бар аял, миң жаман жүрүм-туруму бар эркектен жаман.

3. Кош бойлуу аял үчүн эки рекет намаз, жетимиш рекеттен жакшы.

4. Баласын эмизген аялга ар бир уурттам сүтү үчүн өзүнчө сыйлык берилет.

5. Эгерде күйөөсү үйгө чарчап келсе, аялы жылуу жүз менен "КОШ КЕЛИҢИЗ" десе, ага жарым жихад (Аллах жолундагы кызмат) менен сыйланат.

6. Эгерде аялы күйөөсүнө, ал эми күйөөсү аялына боорукердик жана мээримдүүлүк менен мамиле кылса, Аллах Таала экөөнө тең боорукердик кылат.

7. Аял күйөөсүн Аллах жолунда иштөөгө жөнөтүп, сыпайы үйдө отурган аял күйөөсүнөн беш жүз жыл мурун бейишке кирет. Жетимиш миң периштелер жана хурларга лидер болушат. Бейиш суусуна жуунгандан кийин, сапфир атында күйөөсү менен таанышат.

8. Аял түнкүсүн баласы ыйлагандыктан уктай албай жаткан аялга жыйырма кулду бошоткондугу үчүн сыйлык берилет.

9. Аллах Таала оорулуу баласынын айынан уктай албай, баласын тынчтандырууга аракет кылган аялдын күнөөлөрүн кечирип, он эки жылдык кабыл болгон дубалардын сообун берет.

10. Эгерде аял *"Бисмиллах"*  деп камыр жуурса, Аллах Таала ага батасын берет.

11. Эгерде аял үйүн Аллахты зикир кылуу менен тазаласа, Каабаны тазалагандай сооп алат.

12. Эгерде аял, күнүнө беш маал намаз окуп, Рамазан айында орозосун тутуп, намысын коргоп, күйөөсүнө баш ийсе, ал бейиштин каалаган эшигинен кирет.

13. Аял малдын сүтүн ичип, *"Бисмилла"* десе, ал жаныбар ал үчүн дуба кылып жатат.

14. Күйөөсүнө баш ийбеген аялдын намазы башынан көтөрүлбөйт.

15. Кош бойлуу аялга күндүзү орозо тутуп, кечинде намаз окугандыгы үчүн сооп берилет.

16. Кош бойлуу аял төрөгөндөн кийин, Аллаху Таала жетимиш жылдык орозо жана намаздын сообун жазат. Ар бир  кыйынчылыктары жана ар бир тамыры үчүн сооп берилет.

17. Эгерде аял төрөгөндөн кийин кырк күндүн ичинде көз жумса, ага шейит статусу берилет.

18. Эгерде бала түнкүсүн ойгонуп калса, энеси ага  сүйлөнбөй/ачууланбай  эмчек эмизсе, анын энеси бир жылдык намаз окугандын  жана орозо туткандын   сообун алат.

19. Ымыркайды эмчектен чыгаргандан кийин, асмандан периште түшүп; эмизген  энеге: "Аллах сага бейишти парз кылды" дейт.

20. Эгерде аял күйөөсүнө айтпай массаж жасаса, ага жети грамм алтынды жети жолу бергендей сооп берилет. А эгер күйөөсү аны аткылоодон кийин жасаса, анда ал жетимиш грамм күмүш курмандыкка чалгандай жети жолу сооп алат.

21. Эгерде аял күйөөсү ага ыраазы болуп өлүп калса, бейиште ага рахат берилет.

22. Такыба аялдын амалдары, жетимиштен ашык эркектин амалдарынан  өйдө турат.

23. Аял хиджабына/ жоолугуна  маани берген аялга бейиште Аллах Тааланын өзгөчө мээрими берилет.

24. Аялдар жука кийимдерди кийген аялдар, башка эркектин кумарын ойготкон аялдар жана атыр кийип чыккан аялдар бейишке кирбегендиктен бейиштин жыпар жытын сезе алышпайт.

25. Кайсы бир эркек, аялына илим үйрөтсө ошол  үйрөткөнү үчүн жетимиш жылдык дубасы менен сыйланат.