Get Mystery Box with random crypto!

Онбилим ЖРТга даярдануу

Telegram каналынын логотиби jrt_onbilim — Онбилим ЖРТга даярдануу О
Telegram каналынын логотиби jrt_onbilim — Онбилим ЖРТга даярдануу
Канал дареги: @jrt_onbilim
Категориялар: Билим берүү
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 286
Каналдан сүрөттөмө

Онбилим менен ЖРТга даярданабыз!✅✅✅
2021-жылы 2 Алтын сертификат чыгардык!
Эң мыкты мугалимдер (ЖРТдан 218, 211, 207 балл алышкан)!
Эң пайдалуу маалыматтар😊
2020-2021-окуу жылы 500 окуучу
2021-2022-окуу жылы 400 окуучу окуттук🔥
Эң ыңгайлуу баада✅

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 2

2022-10-06 09:00:50 Достор, сонун жаңылык
Алгачкы жазылган 10 окуучуга курстун баасы болгону 1000 сом!
Шашылыныз, акция жүрүп жатканда жазылып калыныз!!
386 viewsNuriza, 06:00
Ачык / Комментарий
2022-09-14 17:43:21 Мен, Ильгиз Жумаев, ойлоп көрсөм, жашоодо биринчи этапты мыкты жасайт экенмин анан кийинки этапка жол ачылат өзү эле! Мисалы ЖРТга эң мыкты даярдангам, бирок бул учурда университеттер, кесип боюнча анчалык көп ойлонгон эмесмин. ЖРТ жыйынтыгы сонун болду, жакшы университетке, сонун кесипке өттүм.
0-курстан баштап Ала-Тоо Ата-Турк университетинде болгон күчүм менен окудум, ошол учурда "мышык майга жетпей сасык дейт" болуп көбү Европада окууну самачу. Аракет жок бирок ошо самагандай. Мен ошондо ойлоп койчумун Европада кыйындар окуса керек ээ деп Кийин аракет менен 2 жыл окуган соң, Эрасмус деген программа менен Европага окуганы кеттим. Ошол жылы Ататүрк боюнча 5-7 окуучу Эрасмустан грант утуп алган. Жарым жылга €5000 тегерегинде берет эле.
Кийин президенттик стипендия жөнүндө угуп калдым Элдер алып атышат деп! Буга чейинки результаттарын жарайт экен! 3-курсумда 70-80 грамота, сертификат ж.бларымды тапшырып, кышында дагы бир жолу президенттин колун кармап калдым
Красный аттестат менен бүтсө болот экен деп ойлор бар эле. Студенттик бөлүмгө барып бааларымды каратсам, кызылга жарайт экен, эми 1 жыл жакшы оку деди. Анда 3-курс элем! Ошентип Алатоонун тарыхында Инженерия жана Информатика факультетин саналуу эле студент кызыл менен бүтсө, ошонун бири болдум
Университетте бүтүрүүчүлөр арасында факультеттин мыктысы деген болорун акыркы курстарда билдим. Анан ушул мыкты мен болом иншаллах деп аракетти катууладым. Жыйынтыгында Программирование жана Инженерия факультетиндеги 100догон студенттин ичинен 1-болуп бүттүм
Data science жана Искусственный интеллект деген багыт магистратурада ачылып калды мен акыркы курстарда. Анан оо кудай мен ушуга окугум келет аябай тилендим Анан университетти 1-болуп бүткөнүм үчүн Ала-Тоо университети магистратурага окуумду бекер кылып берди 2 жылга $6000 төлөгөн жокмун.
Анан эми серьезный жумушка кирип иштеп баштайын деп аракет кыла баштадым. Анан телеграм группаларга сонун бир вакансия келди. Резюмени зынкыйта жасап жибере салдым. Ошол замат интервьюга чакырды. Интервью жакшы өттү. Бирок менде көп опыт жок эле. Анан начальник сен мыкты экенсиң, опыты жок эле ала берели, калганын өзүң эптей аласыңбы деди. Духтан тайбаган жаным давай дедим Аракеттиме ишенем да, анан албетте Аллах мени таштабайт Ошентип 3-4 жылдык опыты бар жумушчунун ролун аракет менен эптеп жүрөм За то айлыгы Кыргызстандын орточо айлыгынан 4-5 эсе көп. Бир аз дагы катуу аракет кылып эми ишимдин майын чыгарарыма көз жетет Иншаллах!
Муну менен эмне айткым келди достор! Туура аракет абдан маанилүү! Өзүңөр байкагандай туура аракетти да эрте кылып баштаган андан да маанилүү! Куру кыял, максат - аракети жок жомок сыяктуу! Баарыңарга меникинен жакшысын тилейм Дагы көп нерсени жаза албай калдым. Аракеттин даамын таткандар түшүнөт калган оюмду
632 viewsЖумаев Ильгиз, 14:43
Ачык / Комментарий
2022-09-02 18:01:15 Саламатсыңарбы! Жай мезгили да бүттү, 40-50дой окуучу жайында убакытты бекер өткөрбөй биздин курс сабактар менен даярданды. Эми болсо эрте күздү бекер өткөрбөңүздөр! Дагы бир мүмкүнчүлүк!
774 viewsЖумаев Ильгиз, 15:01
Ачык / Комментарий
2022-09-02 17:32:32 Башкалар убактысын пайдасыз нерсе менен өткөрүп жүргөндө, сен ЖРТга эң пайдалуу материалдар, алардын чыгарылышы көрсөтүлгөн видеосабактар менен даярданып, Алтын сертификатка улам жакында! Арзандатуу менен Чыныгы ЖРТда 2016, 2017, 2019, 2020, 2021-жылдары келген, эстеп калып, тесттен чыгып, жазып койгон 950 СУРООНУН (МАТЕМАТИКА) ЧЫГАРЫЛЫШТАРЫ болгон 12 видеосабактар (ар бири 2 сааттан, 24 сааттык) сатылат! Сабактарды ЖРТдан 218 балл алган, акыркы 2 жылда 3 окуучусу Алтын сертификат 50дөй окуучу 200+ 150дөй окуучу 180+ балл алганга салым кошкон Ильгиз Жумаев өткөн!
Жана ошондой эле 2020 жана 2021-жылы ЖРТда келген 500дөй суроо менен өтүлгөн КЫРГЫЗ ТИЛ (АНАЛОГИЯ, СҮЙЛӨМ ТОЛУКТОО, ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ, ГРАММАТИКА) 28-29 сабак (ар бири 40 минутага жакын) сатылат! Сабактарды 220 балл менен Алтын сертификат алган Мадина Акпаева өткөн!
Акция 11-сентябрга чейин уланат, ноябрь айынын аягына чейин дээрлик 3 ай доступ берилет жана баасы МАТЕМАТИКА МЕНЕН КЫРГЫЗ ТИЛ ЧОГУУ 2000 сом! Ал эми МАТЕМАТИКА ЭЛЕ 1400 сом, КЫРГЫЗ ТИЛ ЭЛЕ 800 сом!
ЦООМОнун китепчесиндеги суроолор эмес, чыныгы ОРТ тестте келген суроолор!
Ар бир окуучуга өзүнчө аккаунт менен доступ ачып беребиз! Бир гана окуучу колдоно алат! Доступ 3 ай ачык болот!
Жөн гана курулай сабактар эмес, ар бир эсепти 10-20-30 секундда чыгарганды үйрөнөсүз!
ЦООМОнун логикасын жакшы түшүнөсүз жана башка курстардан айырмасын сезесиз!
ЖРТга тиешелүү көп курстар айта бербеген лайфхактарды үйрөнөсүз!
Эң башкысы 218, 220 балл менен президенттик сыйлыктын ээлеринен сабак аласыз!
2000ге толук курсту алсаңыз, 3 айга бөлгөндө, айына 670 сом гана болот. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба!
Бул видеосабактарсыз деле жакшы балл ала аласыз. Бирок муну алып жакшы түшүнүп даярданып чыксаңыз ЖРТ баллыныз 50-100 баллга чейин айырма болот!
Онбилим курсунун 2020-2021 окуу жылынын жыйынтыгы: 500+ окуучу окуттук 2 алтын сертификат (220, 224) 200+ алган 20дай окуучу, 180+ алган 50дон ашса керек (ар бири менен байланышуу кыйын болду)
Онбилим курсунун 2021-2022 быйылкы жыйынтыгыбыз: 500+ окуучуну курсубузда окуттук жана дагы 500+ окуучу биздин сабактарды, материалдарды сатып алып колдонду Жыйынтыгынды бир Алтын сертификат, 200+ алгандар 30га жакын окуучу, 180+ алган 100дөй окуучу (ар бири менен байланышуу кыйын болду, ЖАНА БИЗ ӨЗҮБҮЗ ОКУУЧУЛАРГА ЖАЗЫП ЖЫЙЫНТЫГЫН СУРАБАДЫК, ДЭЭРЛИК 90 %ДАН АШЫГЫ ӨЗДӨРҮ СҮЙҮНҮП ЖАЗЫШТЫ, ЧЫНДЫГЫНДА РЕЗУЛЬТТАТТАР МЫНДАН ДА КӨП БОЛУШУ ТОЛУК МҮМКҮН)
Онлайн деп тоготпой жатсаңыз, анда булар онлайн билимди колдонуп эле жакшы жыйынтыкка жетишти Бизден сабак алып калыңыздар, өкүнбөйсүздөр
Кыргызстандын кайсы гана бурчунда болбоңуз, курска катышып, билим капчыгыңызды толтурганга эң ыңгайлуу шарт!
Төлөмдү 0702 661963 номерине единица саласыз да чегинизди ушул эле Телеграм же Ватсап номерине жибересиз! Ошол замат сизге сабактарга доступ ачам!
Эгер суроолоруңуз болсо мага, Ильгиз Жумаевге Телеграм, Ватсап 0702 661963 номерине кайрылыңыздар!
770 viewsЖумаев Ильгиз, 14:32
Ачык / Комментарий
2022-08-11 11:02:47

775 viewsЖумаев Ильгиз, 08:02
Ачык / Комментарий
2022-08-01 17:39:12 Башкалар убактысын пайдасыз нерсе менен өткөрүп жүргөндө, сен ЖРТга эң пайдалуу материалдар, алардын чыгарылышы көрсөтүлгөн видеосабактар менен даярданып, Алтын сертификатка улам жакында! Арзандатуу менен Чыныгы ЖРТда 2016, 2017, 2019, 2020, 2021-жылдары келген, эстеп калып, тесттен чыгып, жазып койгон 950 СУРООНУН (МАТЕМАТИКА) ЧЫГАРЫЛЫШТАРЫ болгон 12 видеосабактар (ар бири 2 сааттан, 24 сааттык) сатылат! Сабактарды ЖРТдан 218 балл алган, 3 окуучусу Алтын сертификат алганга салым кошкон Ильгиз Жумаев өткөн!
Жана ошондой эле 2020 жана 2021-жылы ЖРТда келген 500дөй суроо менен өтүлгөн КЫРГЫЗ ТИЛ (АНАЛОГИЯ, СҮЙЛӨМ ТОЛУКТОО, ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ, ГРАММАТИКА) 20-24 сабак (ар бири 40 минутага жакын) сатылат! Сабактарды 220 балл менен Алтын сертификат алган Мадина Акпаева өткөн!
Акция 7-августка чейин уланат, октябрь айынын аягына чейин 3 ай доступ берилет жана баасы МАТЕМАТИКА МЕНЕН КЫРГЫЗ ТИЛ ЧОГУУ 1500 сом! Ал эми МАТЕМАТИКА ЭЛЕ 1000 сом, КЫРГЫЗ ТИЛ ЭЛЕ 700 сом!
ЦООМОнун китепчесиндеги суроолор эмес, чыныгы ОРТ тестте келген суроолор!
Ар бир окуучуга өзүнчө аккаунт менен доступ ачып беребиз! Бир гана окуучу колдоно алат! Доступ 3 ай ачык болот!
Жөн гана курулай сабактар эмес, ар бир эсепти 10-20-30 секундда чыгарганды үйрөнөсүз!
ЦООМОнун логикасын жакшы түшүнөсүз жана башка курстардан айырмасын сезесиз!
ЖРТга тиешелүү көп курстар айта бербеген лайфхактарды үйрөнөсүз!
Эң башкысы 218, 220 балл менен президенттик сыйлыктын ээлеринен сабак аласыз!
1500 толук курсту алсаңыз, 3 айга бөлгөндө, айына 500 сом гана болот. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба!
Бул видеосабактарсыз деле жакшы балл ала аласыз. Бирок муну алып жакшы түшүнүп даярданып чыксаңыз ЖРТ баллыныз 50-100 баллга чейин айырма болот!
Онбилим курсунун 2020-2021 окуу жылынын жыйынтыгы: 500+ окуучу окуттук 2 алтын сертификат (220, 224) 200+ алган 20дай окуучу, 180+ алган 50дон ашса керек (ар бири менен байланышуу кыйын болду)
Онбилим курсунун 2021-2022 быйылкы жыйынтыгыбыз: 500+ окуучуну курсубузда окуттук жана дагы 500+ окуучу биздин сабактарды, материалдарды сатып алып колдонду Жыйынтыгынды бир Алтын сертификат (Айсулуу Шарипова 223 балл), 200+ алгандар 30га жакын окуучу, 180+ алган 100дөй окуучу (ар бири менен байланышуу кыйын болду, ЖАНА БИЗ ӨЗҮБҮЗ ОКУУЧУЛАРГА ЖАЗЫП ЖЫЙЫНТЫГЫН СУРАБАДЫК, ДЭЭРЛИК 90 %ДАН АШЫГЫ ӨЗДӨРҮ СҮЙҮНҮП ЖАЗЫШТЫ, ЧЫНДЫГЫНДА РЕЗУЛЬТТАТТАР МЫНДАН ДА КӨП БОЛУШУ ТОЛУК МҮМКҮН)
Онлайн деп тоготпой жатсаңыз, анда булар онлайн билимди колдонуп эле жакшы жыйынтыкка жетишти Бизден сабак алып калыңыздар, өкүнбөйсүздөр
Кыргызстандын кайсы гана бурчунда болбоңуз, курска катышып, билим капчыгыңызды толтурганга эң ыңгайлуу шарт!
Төлөмдү 0702 661963 номерине единица саласыз да чегинизди ушул эле Телеграм же Ватсап номерине жибересиз! Ошол замат сизге сабактарга доступ ачам!
Эгер суроолоруңуз болсо мага, Ильгиз Жумаевге Телеграм, Ватсап 0702 661963 номерине кайрылыңыздар!
745 viewsЖумаев Ильгиз, 14:39
Ачык / Комментарий
2022-07-31 22:20:43 Саламатсынарбы! 2022-жылдагы ЖРТ да бүттү, жыйынтыгы чыкты. Онбилим курсунда же тактап айтканда, Ильгиз Жумаев, Мадина Акпаева жана Нуриза Пайшан кызы деген мугалимдерден сабак алып 180 баллдан ашык балл алгандарды тизмектеп беребиз. Биз 1 окуучунун Алтын сертификат алышына салым коштук. Дагы ондогон окуучулар аз гана балл жетпей калышты, тактап айтканда 210 баллдан ашты. Төмөн жакта 180 баллдан ашык алган 48 окуучубуз жазылган. 15 окуучуга бизден сатып алган материалдар жардам берген болсо, 33 окуучу бизде сабак алган окуучулар!
Баса белгилеп айта турчу нерсе - биздин курсубуздун артыкчылыгы биздин ЖРТга даярдай турган материалдар жана албетте 211, 218, 220 балл алган мугалимдерибиз Мындайча айтканда, биз өзүбүз кылганбыз жана "по факту" үйрөтөбүз!!!
Анан дагы онлайн курс болгондугубуздан бардык ийгиликтүү 180 баллдан жогору балл алган окуучуларыбыз менен байланыша алган жокпуз. Себеби бизге кудайдан айтсын, Аллах ыраазы болсун, биз алардан ыраазычылык күтпөйбүз Балким 180 баллдан жогору алгандар бардыгы биригип 100 окуучуга жакындаса керек. Буга көзүбүз жетет!
Анда эмесе, төмөндөгү окуучуларыбызга ийгилик каалап, жакшы кесиптин ээси болуп, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошушуна тилектешпиз
1. Айсулуу Шарипова - 223 балл
2. Айназик Абдурасулова - 220 балл
3. Алайбек уулу Нурмуханбет 220 балл
4. Жоомарт Суранбаев - 217 балл
5. Айсезим Юлдашева - 215 балл
6. Адилет Сагынов - 214 балл
7. Орозбеков Кутман 214 балл
8. Кадырбеков Кыялбек - 211 балл
9. Айданек Акылбекова -211 балл
10. Касымалиев Эржан - 210 балл
11. Эсенов Максат - 208 балл
12. Досбол Курманов - 208 балл
13. Нурболот Аттокуров - 207 балл
14. Имамалиева Жумаида - 207 балл
15. Эмил кызы Фатима - 206 балл
16. Шадыбеков Арген - 204 балл
17. Тороева Асылай - 203 балл
18. Жаппарали к Эркеайым - 202 балл
19. Кумарбек кызы Жасмина - 200 балл
20. Даниярова Ясина - 199 балл
21. Ааламбекова Акбермет - 198 балл
22. Джумабекова Сезим - 198 балл
23. Темирлан Темиркулов - 197 балл
24. Улукбек кызы Айгерим - 196 балл
25. Калилова Гүлдана - 196 балл
26. Кудабаева Эркеайым - 195 балл
27. Эркинбаев Курстан - 195 балл
28. Алибекова Айбийке - 194 балл
29. Акылбек кызы Айпери - 193 балл
30. Эгемберди Жолболдиев - 193 балл
31. Жумабекова Алина - 192 балл
32. Асакеева Бермет - 191 балл
33. Ташбаев Баязалы - 191 балл
34. Эстебес кызы Мадина - 190 балл
35. Номери 509 319922 - 189 балл
36. Жаныбаева Аида - 188 балл
37. Жээнбек уулу Айбек - 186 балл
38. Таалайбек кызы Алтынай - 186 балл
39. Бакыева Чынара - 185 балл
40. Толенова Уулжан - 185 балл
41. Жигиталиева Севара - 184 балл
42. Абдисамат кызы Айсулуу - 184 балл
43. Келдибек кызы Меридина - 183 балл
44. Шарипа Байзакова - 181 балл
45. Жусупбекова Нурдана - 181 балл
46. Марсова Минура - 181 балл
47. Тапаева Айдай - 181 балл
48. Каныбек кызы Таттыбүбү - 181 балл
507 viewsЖумаев Ильгиз, 19:20
Ачык / Комментарий
2022-07-31 22:20:30 Тизме жаңыланды, кээ бир окуучуларыбыздан кабар алдык! Бөлүшүп коюуну туура көрдүк
459 viewsЖумаев Ильгиз, 19:20
Ачык / Комментарий
2022-07-29 07:56:17 ЖРТга даярдык боюнча менден кеңеш.

Эгер ЖРТдан жогорку баллга ээ болуу максатың болсо, анда алгач эле математика бөлүмүнөн башта! Себеби математиканы жакшы өздөштүргөндөрдүн логикасы күчтүү болот да, кыргыз тили (орус тили) бөлүмүнөн анчалык деле кыйналышпайт. Мисалы, Алтын сертификат ээлерин эле карасак, 90%ы математика предметин кошумча тандоодогу предмет катары тандашкан жана кеминде 100+алышкан.

"Мен математика (кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты) предметинен олимпиадага катышам,мага аны кайра окугандын кереги жок" деген ой болбосун! Олимпиада башка, ЖРТ башка. Ооба, сен олимпиадага катышып жүрсөң, теорияны билесиң,бирок олимпиада менен ЖРТнын практикасы да катуу айырмаланышын бил! Олимпиадада убакыт көп берилет (мисалы, математикага 21 же 7 же 3 суроого 4 саат убакыт бөлүнөт), а ЖРТда тез ойлонуп,бачым иштөө талап кылынат!

"Азыр окусам, кийин эсимден чыгып кетет" ."ЖРТга 1-2 ай калганда баштайм". Жок, мындай шылтоонун кереги жок. Эгер алдыда максатың болсо, азыр башта, кийин кеч болуп калат! Тескерисинче көбүрөөк даярдангандардын ой жүгүртүүсү тез болот.

Кыргызстан боюнча абитуриенттер эң кыйналган бөлүм-окуу жана түшүнүү. Бул бөлүмдү жакшы тапшыруу үчүн илимий макалаларды көп оку! Көбүрөөк анализ кыл!

Даярданып жатканда план менен даярдан. Эффективдүү болот. "Күнүнө мынча саат даярданам, мынчасы бул бөлүмгө,дагы мынчасы ал бөлүмгө" деп.

Окшоштуктар жана сүйлөмдөрдү толуктоо бөлүмүн ийгиликтүү тапшыруу үчүн биз көөнө сөздөрдү, неологизмдерди, фразеологизмдерди, архаизмдерди,историзмдерди аябай жакшы билишибиз керек. Бул бөлүм биздин логикабызды гана эмес, сөз байлыгыбызды да кошо текшерет!

Грамматика бөлүмүн мыкты тапшыруу үчүн биз 5-класстан берки өтүлгөн темалар боюнча пайдубалыбыз мыкты болушу керек. Менин оюмча, бул бөлүмдөн кыйналгандар жокко эсе болсо керек. Бул жакта логика текшерилбейт, болгону алган билимиң гана текшерилет.

Колонка бөлүмү. Убакыт жетишпей калуусу толук ыктымал. 30 суроого 30 мүнөт гана убакыт берилген. Тилдеги бөлүмдөргө салыштырмалуу,биз мында көбүрөөк убакыт коротуп калабыз, себеби иштешибиз керек. Ушул жерден уткурбаш үчүн да азыртан математикага басым жасап, окугула! Мүмкүн болушунча оңой маселелерди оозеки иштегиле, убакыттан утасынар.

ЖРТга чейин дагы болжол менен 10 айдан ашык убакыт бар,демек силерде азыр чоң мүмкүнчүлүк бар. Азыр баштагыла!

Даярданып жатканда мээни ар 20 минут сайын 5 минут эс алдырып тур. Себеби мээ алгачкы 20 минутадагы эле информацияны эң жакшы кабыл ала алат. Эс алуу убагында жаңгак, бадам сыяктуу жемиштерди жегиле,мээни өрчүтөт. Манжаларга көнүгүүлөрдү жасагыла.

Сынамык тесттерди көбүрөөк тапшыргыла. Андан бир гана жыйынтыгыны эле күтө бербей, тест учурунда кайсыл бөлүмдөн же кайсыл темага байланыштуу суроодон кыйналдың, ошону билип, кийин ошолор боюнча дагы оку,практика кыл. Сынамык тесттердин пайдасы чоң.

Мен өзүм курска катышпай, өз алдынча даярданганым үчүн,эч бир курсту сунуштай албайм. Силерге айтарым, эч бир окуу борборунун практикасы менен ЦООМОнун практикасы дал келбейт! Курста окугандар кайра төмөн балл алып атышат. Курска барып, силер биринчиден, алтындай убактынарды текке кетиресиңер, экинчиден, ата-энеңердин акчасын асманга учурасынар.

Дуба кылганды эч качан унутпагыла! Жаратканым бергиси келгенине берет,бергиси келбегенине , пенде канча аракет кылса да бербейт!

Өзүн сыйлаган адам өз максаттарынан баш тартпайт! Ийгилик сага, абитуриент 2023!

P.s. Кийинчерээк мен өзүм колдонгон ЖРТга даярдык боюнча бекер онлайн булактар менен да бөлүшөм.

Имамалиева Жумаида Сабыралыевна
@jumaidam04 #жрт2023 #жртгадаярдык
475 viewsЖумаев Ильгиз, 04:56
Ачык / Комментарий
2022-07-29 07:56:17 Жакшы жазылыптыр, окуган, башынан өткөргөн адамдын текстти экени билинип турат
391 viewsЖумаев Ильгиз, 04:56
Ачык / Комментарий