Get Mystery Box with random crypto!

* КАЛЫГУЛ ОЛУЯНЫН АЙТКАНДАРЫ.* * Узун чөбүн оруп алаар, | Бизнесмен Жамал

* КАЛЫГУЛ ОЛУЯНЫН АЙТКАНДАРЫ.*

* Узун чөбүн оруп алаар,*
* Кыска чөбүн коруп алаар.*
* Караңгы болуп мурункулар*
* Атадан бала кыйын чыгаар.*
* Жеген-ичкен башчың болоор*
* Акыры барып качкын болоор.*
* Аял билген заман болоор,*
* Эр жигитке жаман болоор.*
* Никесиз бала төрөлөөр,*
* Көбөйөр күкүк энелер.*
* Ачуу суу суудай ичилээр,*
* Жинди болоор кишилер.*
* Базарга туруп каз-катар*
* Көчмөн кыргыз ак сатаар.*
* Төө уурдаган кутулаар.*
* Тоок уурдаган тутулаар.*
* Жети үйдүн бири молдо болоор,*
* Ар бир үйдө темир жорго болоор.*
* Үйүңдүн сырты дубал болоор,*
* Жолоочу кирбей убал болоор.*
* Оозуңдан түтүн буркураар,*
* Жабыркап өпкө тумчугаар.*
* Кичинекей куту чыгаар,*
* Сүйлөп берээр чукусаңар.*
* Маскөөдө жүрсө уулуңар*
* Үйүңдөн сөзү угулаар.*
* Темир минип учаарсың,*
* Куштай болуп сызаарсың.*
* Уулуңдун чачы узун болоор,*
* Кыска чачтуу кызың болоор.*
* Эл ташыган унаасын зымга байлаар*
* Чайың дагы, тамагың дагы зымга кайнаар.*
* Чубалып узун сүйрөлгөн*
* Сапарың болоор үйлөрдөн.*
* Сакалы жок атаң болоор,*
* Аны баласы сакал коёр.*
* Заман болоор ушундай*
* Көрөөрсүң кийин балдарым.*
* Караңгы тартып көздөрүм,*
* Көрбөй койду ар жагын.*
* Калыгул олуя (1785-1855)ж.ж.*