Get Mystery Box with random crypto!

​​ АРАФАТ КҮНҮНҮН БЕШ АРТЫКЧЫЛЫГЫ АРАФАТ КҮНҮ АЛЛАХ ТААЛА | Жаркын келечек 🍃

​​ АРАФАТ КҮНҮНҮН БЕШ АРТЫКЧЫЛЫГЫ

АРАФАТ КҮНҮ АЛЛАХ ТААЛА ДИНДИН ТОЛУКТУГУН ТАСТЫКТАГАН АЯТТЫ ТҮШҮРГӨН
 
«Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым». (Маида сүрөөсү, 3-аят)
 
Бул аяттын улуулугун жөөттөр дагы түшүнүшкөн. Күндөрдүн биринде алар Умар ибну Хаттабга: «Эй, мусулмандар! Китебиңерде айтылган бир аятты силер дайым окуйсуңар. Эгерде ошол аят бизге түшкөндө, анда биз ал күндү майрам кылмакпыз» – деп айтышат. Умар алардан: «Ал кайсы аят?» – деп сурайт. Алар: «Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым, силерге нээматымды толук бердим жана силерге Исламдын дин болушун кааладым» – деген аят деп жооп беришет. Ошондо Умар, радыяллаху анху, аларга карап мындай дейт: 
«Аллахка ант болсун! Мен ал аяттын кайсы күнү, кайсы убакта, кайсы жерде түшкөнүн жана ошол кезде Аллахтын элчиси ﷺ кайсы жерде болгонун анык билемин. Бул аят биз Арафатта турганда Аллахтын элчиси ﷺ хутба кылып жатканда түшкөн». 

Мына ошол күнү Аллах Таала Өзүнүн динин толук түшүрүп бүтүргөн. Анткени мусулмандар ага чейин ажылык ибадаттарын аткарышчу эмес. Ошол жылы ажылыктын парз кылынышы менен Исламдын негиздери толукталган. 
 
АЛЛАХ ТААЛА КУРАНДА АРАФАТ КҮНҮ МЕНЕН АНТ БЕРГЕН
 
Бүткүл улуулуктун Ээси болгон Аллах Таала улуу нерсе менен гана ант берет. Мына ошол күбөлүккө өткөн улуу күн – Арафат күнү. Аллах Таала айтты:
«Күбө болуучу жана күбөлүк кылынган менен ант!». (Буруж сүрөөсү, 3-аят)

Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Убадаланган күн – кыямат күн, күбө кылынган күн – Арафат күн, ал эми күбө болуучу күн – жума күн». (Тирмизи)

Ошондой эле Арафат күнү – Куранда Аллах Таала ант берген так күн. 
«Жуп жана так менен ант!». (Фажр сүрөөсү,3-аят)
Ибну Аббас аяттын тафсиринде: «Жуп (күн) – бул Курбан Айт күн, ал эми так (күн) – бул Арафат күн» – деп айткан.
 
АРАФАТ КҮН – АЛЛАХТЫН АЛДЫНДАГЫ ЭҢ УЛУУ КҮНДӨРДҮН БИРИ
 
Анткени бул күн – күнөөлөр кечирилип, тозоктон куткарыла турган күн. Ошондой эле ушул күнү Аллах Таала периштелерге Арафатта турган пенделерин айтып сыймыктанат. Бул туурасында Аллахтын элчиси ﷺ мындай деп айткан:
 
«Аллахтын алдында Арафат күнүнөн да жакшыраак эч бир күн жок. (Ошол күнү) Аллах дүйнө асманына түшүп, жердеги жашоочуларды айтып асман ээлерине (периштелерге) сыймыктанат. Аллах айтат: «Пенделеримди карагылачы! Алар чачтары жүдөгөн, денелери чаң баскаң, (талбия айтып) кыйкырышып Мага келишти. Алар алыскы жолдордон келишти. Алар Менин жазамды көрүшпөсө да Менин ырайымымды каалашат. Арафат күнүндөгүдөй тозоктон куткарылган эч бир күн болбойт». (Сахих Ибну Хиббан)
 
АРАФАТ КҮНҮ ТУТУЛГАН ОРОЗО ЭКИ ЖЫЛДЫК КҮНӨӨЛӨРДҮН КЕЧИРИЛИШИНЕ СЕБЕП БОЛОТ
 
Бул туурасында пайгамбарыбыз ﷺ мындай деп айткан:
«Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын». (Сахих Ибну Хиббан)

Бул орозо ажыга барбаган мусулмандар үчүн мустахаб болуп саналат. Ал эми ажылыкты аткарып жүргөн мусулмандар үчүн бул күнү орозо тутуу милдет эмес. Анткени пайгамбарыбыз ажылыкта Арафат күнү орозо туткан эмес. 

Мусулман бир тууган! Арафаттын орозосун сөзсүз карма! Жеке эле өзүң тутпастан, үй-бүлөңдү да орозо тутууга буйругун. Анткени бул күн – улуу күн жана ал күндүн орозосу эки жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон күн. 
 
АРАФАТ КҮН – ДУБАЛАР КАБЫЛ БОЛО ТУРГАН КҮН
 
Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
«Дубалардын эң жакшысы – Арафат күнү кылынган дуба». (Тирмизи)

Арафат күнүндө ар бир мусулман адам зикирлерди айтып, Аллахтан күнөөлөрүн кечирүүсүн сурап жана жакшы ой-тилектерин айтып жан дили менен дуба кылуусу керек. Анткени бул күн – дубалар, жакшы ой-тилектер, ойлогон ой-максаттар кабыл кылына турган күн.