2022-01-21 19:39:28
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Бул хадисте: катуу ооруга чалдыккан адамдар келишкенде Аллахтын Элчиси ﷺ аларга Мадина шаарынын четиндеги байтул-малдагы багылган төөнүн сүтү менен заарсын ичишти буйруган. Кийин алар ошол төөлөрдүн сүтү менен заарасын ичишип ооруларынан сакайышкан.
Ахли сунна аалымдары айтышат: "Биринчиден бул хадис төөнүн заарасы нажас эмес, таза экенине далил болот."
Экинчиден: Бул хадис төөнүн сүтү менен заарасы кээ бир оорулардан айыгууга себеп болооруна далил деп айтышкан.
Үчүнчүдөн: Бул хадис дарылануу үчүн бардык жердеги төөнүн сүтү менен заарсын үчүүгө болооруна далил дешкен. Себеби Аллахтын Элчиси ﷺ жеке Мадина шаарындагы же баланча төөнүн түрү деп айткан эмес. Ошондуктан бардык жердеги бардык төөнүн түрүнөн дарылыкка колдонууга болоорун айтышкан.
Төртүнчүсү: Хадисте Аллахтын Элчиси ﷺ Мединанын четиндеги жайылып жүргөн төөнүн сүтү менен заарасын ичүүнү сунуштаган, ошондуктан жайылып жүргөн төөнү колдонуу жакшы болот. Үйдө багылган төөгө караганда талаада жайылып жүргөн төөнүн сүтү менен заарсы жакшыраак дешкен.
Бешинчиден: Хадисте төөнүн сүтү менен заарасын кандай өлчөмдө ичүү керектиги ачык айтылган эмес ошондуктан кандай өлчөмдө ичүү жана эмне ооруларга үчүү керектиги медицина жаатында билгендердин сунуштоосуна же билимдүү элдик дарыгерлердин тажрыйбасына кайтарылат деп айтышкан.
Талас Артыкбаев
t.me/islamtaanuuБашкалар менен бөлүшүүнү унутпаңыздар!
739 viewsedited 16:39