2022-09-28 12:12:03
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айткан:
خيرُكم خيرُكم لأهلِه ، وأنا خيرُكم لأهلي
"Силердин эң жакшыңар - өз үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылгандар. Силердин араңардан үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылган - бул мен"
(Сахих ат-Таргиб: 1925).
Ошондой эле Абу Хурайра риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айтат:
وَاسْتَوْصُوا بِالنِّسَاءِ خَيْرًا ؛ فَإِنَّهُنَّ خُلِقْنَ مِنْ ضِلَعٍ، وَإِنَّ أَعْوَجَ شَيْءٍ فِي الضِّلَعِ أَعْلَاهُ، فَإِنْ ذَهَبْتَ تُقِيمُهُ كَسَرْتَهُ، وَإِنْ تَرَكْتَهُ لَمْ يَزَلْ أَعْوَجَ، فَاسْتَوْصُوا بِالنِّسَاءِ خَيْرًا
«Аялдарга жакшы мамиле кылгыла. Алар кабыргадан жаралган. Кабырганын эң ийри жери баш жагы. Аны түздөйм десең сындырып аласың, ал эми калтырып койсоң ошо бойдон ийри калат. Ошондуктан аялдарга жакшы мамиле кылгыла» (Бухари: 5186).
Аял дегенде сөздүн аталышынан эле туюнтулуп тургандай, аялдай турган, аярлай турган назик, алсыз, бирок асыл затты түшүнөбүз.
Аялзаты табиятынан коргоого, колдоого муктаж экенин бир нече факторлор; биологиялык, физиологиялык, психологиялык, социалдык ж.б. өзгөчөлүктөр айгинелеп турат. Демек, эркектин аялзатына камкор мамиле кылышы табигый зарылдык десек жаңылышпайбыз.
Планетабыздын айрым жерлеринде "аял адамбы же адам эмеспи?", "аялдын руху барбы же жокпу?" деген суроолор кадимкидей коюлуп, кызылдай талаш-тартыштар жүргөн. Кээ бир элдер аялзатын кечээги кылымдарга чейин эзип, укугун тебелеп келгени ырас.
Аялзатына болгон эң катаал мамиле исламга чейинки караңгылык доордогу Арабстанда болгонун танууга болбойт. Ал кезде аял буюм катары каралчу. Аларда эч бир укук болгон эмес. Мурас берилгенди мындай кой, өздөрү мураска бөлүнүп кетчү. Таасирлүү төбөлдөр кыздуу болгонун укканда каарданып, канынан жаралган кыздарын тирүүлөй көмүүгө чейин барышар эле. Эгерде аялдын этек кири келген болсо жийиркенишип, мал сарайларга чыгарып салышчу. Каалаган маалында талак берип, кайра кайтарып, аялзатынын ар намысы менен ойноп, кадырын тебелешээр эле…
Адашуу өкүм сүрүп, адилетсиздик күчөгөн, бей-бечара жанчылып, аялзаты кордолгон капсалаңдуу доордо акыйкат дин келди. Ислам эзилгендерге үмүт, аялзатына урмат жана укук берди. Куран-и Карим аялзатына жакшы мамиле кылууга чакырды:
… وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ فَاِنْ كَرِهْتُمُوهُنَّ فَعَسٰٓى اَنْ تَكْرَهُوا شَيْـٔاً وَيَجْعَلَ اللّٰهُ فيهِ خَيْراً كَثيراً
"Аялдарга (жубайыңарга) жакшы мамиле кылгыла. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Аллах силер жаман көргөн нерседен мүмкүн көп жакшылыкты берээр". Кураан, Ниса: 19
Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү. Талак маселесине олуттуу принциптерди коюп, аны жөнгө салды. Аял үчүн махр маселесин киргизди. Нике кыйылып жатканда да алгач кыздан ыраазылык суралганы – аялзатына артыкчылык бергени эмей эмне? Эгерде кыздын макулдугу жок болсо, анда нике жүрбөйт деп белгиленди…
أَطْعِمُوهُنَّ مِمَّا تَأْكُلُونَ، وَاكْسُوهُنَّ مِمَّا تَكْتَسُونَ، وَلَا تَضْرِبُوهُنَّ، وَلَا تُقَبِّحُوهُنَّ
"Жегениңерден аларга да жедиргиле, кийгениңерден аларга да кийдиргиле, аларды урбагыла жана жамандабагыла" деп жооп берген. Абу Дауд, Никах, 40-41.
Ошондой эле Пайгамбарыбызﷺ
"Эки алсыздын – жетимдин жана аялдын акысына кол салууга тыюу салам" деген. Ибну Маажа, Адаб, 6.
Пайгамбарыбызﷺ өзү да аялзатын терең урматтаган. Ал "коштошуу ажылыгы" деп айтылган даңазалуу кутпасында аялзаты тууралуу,
"… аялдар маселесинде Алладан корккула, себеби аларды Алланын аманаты катары алдыңар жана Алланын аты менен (нике аркылуу) өзүңөргө адал кылдыңар"-деп аялзатын аздектөөгө чакырган. А аманатка кыянат кылуу – эки жүздүүлүктүн белгиси.
Амр бин Аас (радиаллаху анху) Муавияга (радиаллаху анху) кирип, анын кызы Айшаны көрүп, "Бул ким, оо, Муавия?" - деп айтат. Ошондо Муавия (радиаллахуанху) мындай деп жооп берет:
"Бул жүрөктүн алмасы жана көздүн райханы". Латаиф ва зараиф - баб мадхул банат.
Нематулла КадаевTelegram
https://t.me/islambulagyInstagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link
746 views09:12