Get Mystery Box with random crypto!

Кимде ким бир маселеде өзүнө жаккан далилдерди алып, жакпаган | ИСЛАМ БУЛАГЫ

Кимде ким бир маселеде өзүнө жаккан далилдерди алып, жакпаган жерин таштай турган болсо, анда ал жүрөгүндө дин тууралуу кара ниети бар адамдардын катарына кирип калат. Буга далил Аллах өз сөзү болгон Кураандын Аали Имран сүрөөсүнүн 7- аятында мындай деп айтат: “(Оо, Мухаммад, Аллах) сага китеп түшүрдү, анда – “мухкам” (өкүмү анык) аяттар бар. Булар китептин негизи. Ошондой эле, алардан башка “муташабих” (түшүнүлүшү оор, бир нече маанилерди түшүндүргөн) аяттар да орун алган. Ал эми жүрөгүндө (ислам дини тууралуу) кара ниети бар адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, “муташабих” аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын толук түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким анык билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: “Биз ага (Кураанга) ыйман келтиргенбиз. Кураан аяттарынын бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Роббибизден келген акыйкат дешет. Акыл - эстүүлөр гана өрнөк алышат”.
   
Пайгамбарыбыз ﷺ: “Кимде - ким Аллахтан башка нерселерге сыйынуудан баш тарткан абалында “Лаа илаха илла Аллах”- деп айтса, бейишке кирет деп айткан”.
Муслим: 22 

Ошондой эле, дагы бир сахих хадисинде Пайгамбарыбызﷺ мындай деп айтат: “Кимде-ким Аллахтын ыраазычылыгын көздөп, ихлас менен “Лаа илаха илла аллах” ( ибадат кылууга, сыйынууга, кулчулук кылууга акылуу, татыктуу эч ким жок жеке, жалгыз бир Аллахтан башка) - деп айткан болсо, Аллах ал адамга тозок отун арам кылат. 
Бухари 424, 686. Муслим 33.

Ал эми “Лаа илаха илла Аллах” деп бирок Аллахтан башка нерселерге сыйынуудан баш тартып, жүз бурбаса, өлүктөрдөн, аулиялардан, кабырлардан, мазарлардан, көзү ачык бакшылардан жардам сураса, албетте, ал учурда “Лаа илаха илла Аллах” ал адамга эч качан пайда бербейт. Пайда берүү үчүн Пайгамбарыбызﷺ “Лаа илааха илла Аллах”-Таухид келмеси тууралуу айткан бардык хадистерин чогултуп, жыйноо керек! Себеби, Пайгамбарыбыздынﷺ кээ бир сөзү - кээ бир сөзүн өз ичине камтыйт, кээ бир сөзү - кээ бир сөзүн чечмелейт, ошондой эле кээ бир сөзү – кээ бир сөзүн баяндайт. Ал эми өзүнө жаккан жерин алып, жакпаган жерин албай таштап сала турган болсо, дин туралуу жаман ою бар адамдардан болуп калат.
Шейх Фаузан шарх тафсир калима ат-Таухид.

Нематулла Кадаев


Telegram
https://t.me/islambulagy

Instagram:

https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA


Facebook
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!