Get Mystery Box with random crypto!

Пайгамбарыбызﷺ адамдарды эң биринчи “Лаа илааха илла Аллах”- Т | ИСЛАМ БУЛАГЫ

Пайгамбарыбызﷺ адамдарды эң биринчи “Лаа илааха илла Аллах”- Таухид келмесине чакырган

Мусулман адам бул келмени - Пайгамбарыбыздынﷺ хадистеринде келген сыяктуу, шарият талап кылгандай айтуусу зарыл. Бирок азыркы учурда көптөгөн адамдардын негизги максаты Аллахты таануу эмес, адал-арамдыгына карабай дүнүйө жыйноо болуп калгандыгы себептүү диндеги сабатсыздык өтө кеңири тарап, өздөрүнө эң биринчи парз болгон динин үйрөнүүгө өтө кош көңүл мамиле жасап жатышат.

Исламдагы эң биринчи талап кылынуучу келмени Аллахтын Элчисиﷺ буйругандай айтуу дагы кыйын болуп калды.  Кээ бир сабатсыз адамдар келмени айтып, бирок маанисин түшүнбөй жатса, кээ бирлери “келмени айтсаң ишиӊ жүрүшөт” дешип, дүнүйө жыйноого колдонгондор дагы жок эмес.

Башкалары "МУРЖИАЛАР" “бул келмени айтсаң эле болду, же айтып, ишенип эле койсоң Жаннатка киресиң” деп, дене мүчөлөр менен амал кылууну кошушпай, бул келме талап кылган амалдарды аткарбай, жөн эле айтуу менен чектелип калышат.  Алардын айтуусу боюнча: “Кимде ким бул келмени айтып, бул келме милдет кылып талап кылган нерселердин бирөөсүнө да амал кылбаса деле бейиш ээлеринен болот деп айтышат”. Намаз окубаса да, зекет бербесе да, ажылык милдетин аткарбаса да, орозо тутпаса да, Аллахка моюн сунууну таштап, зынаа кылса, уурулук кылса, арак ичип, каалаган күнөө иштерди жасай беришсе да, бейиш ээлеринен болот. Себеби, алардын ишеними боюнча “Лаа илаха илла Аллах” деп амал кылбасатан тил менен айтып, жүрөк менен ишенип коюу  жетиштүү. Амалды ыймандан эмес деп айтышып, амалды ыймандан чыгарып салышат. Амал кылынса жакшы, ал эми амал кылынбаса тил менен “Лаа илааха илла Аллах” деп айтып ишенип коюу жетиштүү деп айтышат.  Ооба, Пайгамбарыбызﷺ хадистеринин биринде “Кимде-ким “Лаа илааха илла Аллах” деп айтса Жаннатка кирет”- деген.
Ахмад 23324. Байхаки “Фил асма ва – Ас сыфат” 303. Табараний “муснад аш-шамиййин” 2449. Баззар “муснад” 2854.

Бирок Пайгамбарыбызﷺ бул хадис менен чектелген эмес! Пайгамбарыбыздынﷺ бул хадисин өз ичине камтыган башка хадистери бар.  Ошондуктан, сөссүз Пайгамбарыбызﷺ “Лаа илааха илла Аллах”-Таухид келмеси тууралуу айткан бардык хадистерин чогултуп, жыйноо керек! Себеби, Пайгамбарыбыздынﷺ кээ бир сөзү - кээ бир сөзүн өз ичине камтыйт, кээ бир сөзү - кээ бир сөзүн чечмелейт, ошондой эле кээ бир сөзү - кээ бир сөзүн баяндайт. Башка хадистеринде Пайгамбарыбызﷺ “Лаа илааха илла Аллах”-Таухид келмеси пайда берүүсү үчүн аны кантип айтуу керектигин ачык чечмелеп, түшүндүрүп кеткен. Ошондуктан, илим ээлери “бир маселени туура түшүнүүнү кааласаңар - анда ал тууралуу келген бардык далилдерди жыйнагыла, ошондо эң туура чечимди табасыңар дешкен. Ал эми кээ бир далилдерди алып, кээ бирин таштасаңар - анда жаңыласыңар”, - дешкен.

Уландысы бар.......

“Шарх тафсир Калима ат-Таухид” Шейх Фаузан


Нематулла Кадаев


Telegram
https://t.me/islambulagy

Instagram:

https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link

YouTube
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA


Facebook
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share

Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!