ҮЙ БҮЛӨ БУЛ - АМАНАТ Урматтуу мусулман бир туугандар! Аллах | ИСЛАМ БУЛАГЫ
ҮЙ БҮЛӨ БУЛ - АМАНАТ
Урматтуу мусулман бир туугандар!
Аллах бардык жан-жаныбарды жуп-жубу менен жараткандай эле, адам баласын да эркек-аялдан жуп-жуп кылып жараткан. Демек, ак нике менен турмуш жолуна аттанган соң, бири-бирин урматтап жашоо керек. Бул тууралуу Аллах Кураанда мындай деп айтат:
وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ خَلَقَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا لِتَسْكُنُوا إِلَيْهَا وَجَعَلَ بَيْنَكُمْ مَوَدَّةً وَرَحْمَةً ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ
"Байыр алууңар үчүн өзүңөрдөн жубай жаратып, ортоңорго махабат жана мээримдүүлүк берип койгону да – Аллахтын белгилеринен. Чындыгында, ой жүгүрткөн эл үчүн ушуларда белгилер бар". Кураан, Руум: 21.
والله جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ بَنِينَ وَحَفَدَةً وَرَزَقَكُمْ مِنَ الطَّيِّبَاتِ .
"Аллах өзүңөрдөн жубай жаратты. Ошол жубайларыңар аркылуу силерге балдарды, неберелерди пайда кылды. Силерди таза ырыскылар менен азыктандырды". Кураан, Нахл: 72.
"Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштардан (болгон) тозоктон сактагыла!". Кураан, Тахрим: 6.
Эркектер үчүн бул дүйнөнүн эң чоң жакшылыгы бул-салиха аялга үйлөнүүсү.
Салиха аял качан карасаң жылмайып, бир нерсеге жумшасаң баш ийип, сен жок болсоң өз напсисин жана сенин мал-мүлкүңдү сактаган аял.
Үй-бүлөгө жакшы мамиле кылуу ар бир үй ээсинин милдети. Анткени бул тууралуу Пайгамбарыбызﷺ
“Силердин эң жакшыңар өзүнүн үй-бүлөөсүнө жакшы мамиле кылган инсан, анткени мен үй-бүлөмө жакшы мамиле кылам", – деп айткан.
Ислам дининде үй-бүлөнү камсыздоо жоопкерчилиги эркектин милдети. Бул туурасында Муавия (радиаллаху анху) "Оо Аллахтын Элчиси! Биздин аялдарга болгон кандай акыларыбыз бар?", – деп сураганда. Пайгамбарыбызﷺ
мындай деп жооп берет: "Качан тамактана турган болсоң аялыңды да тамактандырасың. Качан өзүңө кийим алсаң, ага да кийим алып бересиң. Аялыңдын жүзүнө урбайсың, аялыңды үйүңдүн сыртында элдин көзүнчө кагып-силкип, кемсинтпегин", – деди. Булак: “Шарх Рияд ас-Салихин” (3/130-132).
Эркек аялын жедирип, ичирип, кийинтирип, акча коротуп коюсу гана жетиштүү эмес. Тескерисинче, эркек аялына жумшак, сылык, сүйүп, урматтоо сезимдери да болуу керек. Анткени, чөнтөктөрдүн жоомарттыгынан жүрөктөрдүн жоомарттыгы сулуу .
Нематулла Кадаев
Telegram
https://t.me/islambulagy
Instagram:
https://instagram.com/islambulagy?utm_medium=copy_link
YouTube
https://youtube.com/channel/UCtuOzuA3x1mDPhdhD3HKMHA
Facebook
https://www.facebook.com/groups/1009528672915026/?ref=share
Канал менен бөлүшүүнү унутпаңыз бир тууган!