Get Mystery Box with random crypto!

Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм, Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм Т | ilim Karypbekov

Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келээр бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Ашыгым чарчасам да моюнума,
Кумарым канмайынча жөн койбосом