Get Mystery Box with random crypto!

𝐢𝐛𝐚𝐝𝐚𝐭 𝐨𝐟𝐟𝐢𝐜𝐚𝐥

Telegram каналынын логотиби ibadatoffical — 𝐢𝐛𝐚𝐝𝐚𝐭 𝐨𝐟𝐟𝐢𝐜𝐚𝐥 𝐢
Telegram каналынын логотиби ibadatoffical — 𝐢𝐛𝐚𝐝𝐚𝐭 𝐨𝐟𝐟𝐢𝐜𝐚𝐥
Канал дареги: @ibadatoffical
Категориялар: Дин
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 284
Каналдан сүрөттөмө

"Сага Алладан башка ырайымдуу эч кимден таба албайсың".
🌙|Куран
🌙|Хадистер
🌙|Баяндар
Сиздерге пайдам тийсе кубанычтамын🤲

Ratings & Reviews

4.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

2

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 2

2022-10-03 15:28:45 Эмне кымбат?

Мен үчүн уйку деле кымбат эмес,
Түбөлүк уктап жатчу күн да келет,
Мен үчүн дүйнө деле кымбат эмес,
Бир тал ширеңкеден күйүп кетет,
Мен үчүн кызмат деле кымбат эмес,
Жашыраак бирөө келсе алып кетет,
Менин үчүн уулум деле кымбат эмес,
Үйлөнсө аял сөзүн сүйлөп кетет,
Мен үчүн кызым деле кымбат эмес,
Чоңоюп бойго жетсе бөлөк  жерди жердеп кетет,
Мен үчүн өмүр деле кымбат эмес,
Күн өтүп ажал келсе алып кетет,
Мен үчүн негизинен көңүл кымбат,
Кичинекей суук сөзгө үшүп кетет.
***
Адамды олгондон сон ""мыкты"" дейбиз,
""Аттин ай, ажал кайдан чыкты?"" дейбиз.
Жараткан, кайра  тирилт жарым саатка,
Жалбарган унубузду укчу!"" -дейбиз.

Жаныбызда жургондо карадыкпы,
""Жан эле бул кандай"" деп бааладыкпы?
Жан дуйносу жабыркай кутту балким,
Жарты ооз жакшы созго жарадыкпы?

""Акылдуу болбочу сен"" дебегиле,
Адамды аяр сактап, ""жебегиле"".
Ааламдан козу откондор артка кайтпайт,
Алтындан эстеликтин кереги не,..

Калтырбай конулдорду тируу кезде,
Кадырлашып жашасак колдон келсе.
Жакшы созду эмнеге аяйбыз биз,
Жараткан суйлогонго жондом берсе?


Карачы, канча күнүң артта калды.
Байлыктан, бактылуулук кимдер тапты?
Күнүмдүк көр оокатка азгырылып.
Канчасы, ыйманы жок көргө жатты.
          
Алданба убактылуу өмүрүңө.
Жашооңдуу байлап алба жүрөгүңө.
Унутуп, конок болуп келгениңди.
Дүйнөнү салып алба түнөгүңө.
          
Эстечи, бугуң батпай ыйлаганың.
Жан дүйнөң ыйманы жок кыйналганын.
Бул дүйнө кенен болуп турса дагы.
Кысылып эч жерине батпаганың.
          
Жашоонун аягына кимдер жетет.
Өмүрүң суудай болуп агып кетет.
Түшүнүп, ыйман жолун тапкан болсоң.
Ыйманың эки дүйнө пайда берет.
          
Жаштыгың кайрылбастан артта калат.
Сулуулук, бырыш болуп карып барат.
Түшүнүп, Жаратканды таанып алсаң.
Жан дүйнөң бактылуулук жолун табат.
Муслима
     
91 viewsㅤ, edited  12:28
Ачык / Комментарий
2022-10-03 15:28:25 Ар бир адамдын жакшы жери сөзсүз түрдө болот.Канчалык эң жаман деп айтсаң дагы,ошол адамдын жакшы жери болот.

-Чубак ажы Жалилов
94 viewsㅤ, 12:28
Ачык / Комментарий
2022-10-03 07:02:41
105 viewsㅤ, 04:02
Ачык / Комментарий
2022-09-29 15:43:58 https://t.me/oygonummotum
177 viewsㅤ, 12:43
Ачык / Комментарий
2022-09-29 15:40:27
• Хадис •

"Куран сүрөлөрүнүн абзели Бакара сүрөсү, Бакара сүрөсүнүн аяттарынын эң улуугу Аятал-курси. Шайтан Бакара сүрөсү окулганын уккан үйдөн чыгып кетет.” 

[Рамуз]
°•°•°•°•°•°•°•°
155 viewsㅤ, 12:40
Ачык / Комментарий
2022-09-28 19:25:01
Бул ырды уксаңыз ыйлайсыз!
Баткен жөнүндө ыр
Эгерде ыйлаган болсоңуз реакция калдырып койунуз!
255 viewsㅤ, 16:25
Ачык / Комментарий