• ХАДИС Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Эл | ⚜ •~ ХАДИСТЕР ~• ⚜
• ХАДИС
Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт:
“Эгерде мусулман же ыймандуу адам даарат алып, жүзүн жууса суу же суунун акыркы тамчылары менен кошо анын көзү менен көргөн майда күнөөлөрү жуулуп түшөт; ал колун жууган кезде, колу менен кылган майда күнөөлөрү суу менен кошо жуулуп түшөт; бутун жууган кезде буту менен кылган майда күнөөлөрү суу менен же суунун акыркы тамчылары менен кошо жуулуп түшөт. Ушинтип ал майда күнөөлөрдөн тазаланып чыкканга чейин ушул нерсе уланат”.