• ХАДИС Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Эл | ⚜ •~ ХАДИСТЕР ~• ⚜
• ХАДИС
Абу Хурайра (Алла андан ыраазы болсун) Алланын Элчиси (солла Аллаху алейхи ва саллам) мындай дегенин кабарлайт:
“Мен силерге Алла Таала эмненин себебинен күнөөлөрдү кечирип, даражаларды жогорулатарын кабарлайынбы?”. Алар айтышты: “Албетте, оо, Алланын Элчиси!”. Ал айтты: “Жагымсыздыктарга карабастан кемчиликсиз даарат алуу, мечитке карай шилтенген көп кадам, намаздан кийин намазды күтүү. Мына ушулар - силерге чек ара болот”.