Get Mystery Box with random crypto!

Ислам дининде аял: Бейиш анын таманынын астында болгон эне, ба | "ФАДИЛЯ" МААЛЫМАТТАРЫ

Ислам дининде аял: Бейиш анын таманынын астында болгон эне, балдардын алгачкы табылгыс тарбиячысы.

Аурат болгон жерлерди жаап жүрүү хижраттын 5-жылы, Хандак согуш мезгилинде, шаувал айында парз  кылынган.

Пайгамбарыбыз ﷺ мындай дейт: Эркек башка бир эркектин ауратын кароого болбойт. Аял дагы башка аялдын аурат жерин кароого болбойт. Муслим 4018

Абу Хурайра (Аллах ыраазы болсун) айтат: «Алланын элчиси ﷺ аялдын кийимин кийген эркекке жана эркектин кийимин кийген аялга каргыш айтты» Абу Дауд.


Мусулман аял эки томугун жапканчалык өлчөмдө кийимин узун кылуусу, жоолугун башына таштап, мойнун жана көкүрөгүн жабуу кажет. Аллах Тааланын өкүмү (буйругу) Куранда…


"Оо, Адамдардын урпактары! Уяттуу жерлериңерди жана сулуулугуңарды жабуу үчүн (Биз силерге) кийим түшүрдүк. Бирок - такыбалыктын кийими эң мыкты (кийим)" Аараф 26-аят.


"Эй, Пайгамбар! Жубайларың, кыздарыңа жана жалпы момун аялдарга айткын: үстүлөрүнө жамынчууларын жамынышсын. Бул - алардын таанылуусуна жана кордолбоосуна жакыныраак. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү" Ахзаб 59-аят.


"Момун аялдарга айт! Ар кайсыл эркекти кароодон көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин аягы суюктук кылуудан сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын. Жоолуктарын көкүрөгүнө чейин жаба салынышсын. Сулуулугун көрсөтүшпөсүн. Бирок, өз күйөөсүнө, аталарына, өз уулдарына, өгөй уулдарына, бир тууган ага-инилерине, алардын алдындагы күңдөргө, аялга муктаждыгы болбогон кызматкерге же болбосо аялдардын уяттуу жерлерин билбеген наристелерге көрсөтсө болот. Анан да, көмүскө кооздуктарын башкаларга көрсөтүү үчүн буттарын жерге каттуу уруп жүрүшпөсүн. Эй, момундар! Баарыңар Аллахка гана тообо кылгыла! Балким азаптан кутулаарсыңар" Нур 31-аят.