Get Mystery Box with random crypto!

КРда жаңы жылды майрамдагандар да, майрамдабагандар дагы бар. | Программисттин ойлору

КРда жаңы жылды майрамдагандар да, майрамдабагандар дагы бар. Кимиси тура жана кимиси тура эмес кылат деп айта албайм. Бирок өзүм үчүн айтсам, мен байкаганыңардай майрамдагандар тарабындамын. Бул күндө мен үчүн эң маанилүүсү бул өткөн жылга көз чаптырып: акыркы 360 күндө эмнеге жетиштим, эмнени кыла алдым, а эмнени алган жокмун, эмнени кийин турараак кылсам болот деген анализ жүргүзүү. Жана ошондой эле келе жаткан 360 күндү кандай өткөрсөм болот, өткөн жылдан кандай сабак алдым, эмнеге көбүрөөк көңүл бурушум керек деген ой жүгүртүү.

Күнүмдүк жашоодон бираз тыным алып жакын адамдарым менен чогу олтуруп, алардын дагы өткөн жылга болгон оюн угуп келээрки жылга калоо-тилектерди айтып, жагымдуу убакыт өткөрүү дагы мен үчүн аябай маанилүү.

Ошондуктан майрамдай турган кесиптештеримди чын жүрөктөн Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайм!

Кирип келген жаңы жылда баарыңыздарга көптөгөн сонун идеяларды, кызыктуу долбоорлорду, аларды ишке ашырууда сабырдуулук, күч кубат жана ийгиликтерди каалап кетким келет!

Программалоо дүйнөсүңө жаңы үйрөнүп, жаңы киришип жаткан ини-карындаштарга сабырдуулук, үйрөөнүүдө болгон кажырдуулукту (көк беттикти) жана тайманбастыкты каалайм!

Эң башкысы баарыңыздар ден соолукта жана бактылуу болуңуздар! Ден соолук болбосо эч бир долбоорду акырына чыгара албайсың, эч бактылуу боло албайсың - андыктан биринчи байлык ден соолук.

Жана албетте кодуңар дайыма кыска жана нуска болсун! Каталар аз болсун! Жана колдонуучуларыңар көп болсун!

Жаңы Жылыңыздар менен!