Get Mystery Box with random crypto!

Көптөн бери узун тексттер менен чыга элек элем. Ильхом ака нег | Программисттин ойлору

Көптөн бери узун тексттер менен чыга элек элем. Ильхом ака негедир аз келчи болду акыркы убактарда . Аны үстүнө иштер да убакыт өткөн сайын көбөйө берет экен: долбоорлор, дипломка, жумуш…

Анысына карабастан бүгүн программалоого үйрөнүүм жөнүндө жазууну чечтим.

Программалоону окуп баштаганыма 7 жылдан ашыптыр. Бул убакыттын ичинде сайт жасаганды, мобилдик колдонмолорду, ботторду, десктоп программаларды, кооз колдонуучу интерфейстерин түзүүнү, роботторду программалоону, ар кандай жардамчы скрипттерди, терминал менен иштегенди, серверлерли тууралаганды….

Баарын эле үйрөнүп калдым окшойт, мына эми чыныгы кыйын программист болдум окшойт” дейм …

Бирок кесип мен ойлогондой оңой көрүнбөйт.

Бул жылы жумуштан IDEлерге плагин жазууга тура келип, код текшергичтерди жазууну да үйрөөнүүгө тура келди. Аны бүтөр менен азыр консольдук программаларды жазууну үйрөнүп, автоматтык текшерүүчү дагы бир инструменттин үстүндө иштеп баштадым.

Менин оюмча программист болом десең, өмүр бою окууга даяр болуу керек окшойт