Get Mystery Box with random crypto!

​​Кыргызстанда (республиканын алыскы аймактарын кошпогондо) 20 | Статистика KG

​​Кыргызстанда (республиканын алыскы аймактарын кошпогондо) 2022-жылдагы жалпы эл жана турак жай фондун каттоо аяктап жатат.

Каттоочулар үйүнө келе элек тургундар четте калып, бул өнөктүккө катыша албай калабызбы деп кооптонуп, «тынымсыз байланышка» (тел. 1216) чалып кайрылып жатышат.

Эскерте кетсек, каттоочулар бүгүн, 2-апрелде, жана эртең 3-апрелде эл жана турак жай фондун каттоо боюнча өз иштерин жүргүзүшөт. Андан кийин үч күндүн ичинде, ушул жылдын 4-6-апрелинде текшерүү жүргүзүлөт. Бул өнөктүк жазылган тургундарды кайра тактоо максатында каралган.

Текшерүү кандай жүргүзүлөт: каттоочу, өзүнүн жетекчиси менен бирге, ар бир онунчу үйдү кыдырып, бул жерде каттоо жүргүзүлгөнбү, үйдүн бардык мүчөлөрү эсепке алынганбы же жокпу тактайт. Эгерде үйдүн мүчөлөрүнүн бири кандайдыр бир себептер менен каттоого катышпай калса, анда алар текшерүүдө катталат. Текшерүү өткөрүү тажрыйбасы Кыргызстанда өткөн мурдагы каттоолордо да колдонулган.

Биз республиканын тургундарынан бул өнөктүккө түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.

Маалыматтык кампания БУУнун Калкты жайгаштыруу фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «КЫРГЫЗСТАТ: Калктын статистикасын жүргүзүү, талдоо жана жайылтуу үчүн Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык системасын чыңдоо» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

#ЭлКаттоо2022