Get Mystery Box with random crypto!

Улутстаткомдун айыл чарба статистика бөлүмүнүн башчысы ШКУ «Ru | Статистика KG

Улутстаткомдун айыл чарба статистика бөлүмүнүн башчысы ШКУ «Run the Silk Road — 2023» марафонунда экинчи орунду ээледи
2023-жылы 13-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУ «Run the Silk Road — 2023» эл аралык Ысык-Көл марафону болуп өттү.
Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлдү. Ага 22 дүйнө өлкөлөрүнөн 3000ден ашык спортчу катышты.
Улутстаткомдун өкүлү Гульзейнеп Мурсабекова 21 километр аралыкты 2 саат 22 минутада ийгиликтүү басып өттү. Гульзейнеп Мурсабекова 54-64 жаш категориясында экинчи орунду ээлеп, сыйлыкка ээ болду. Белгилей кетсек, биздин кесиптешибиз марафондорго жыл сайын катышып келет.