Get Mystery Box with random crypto!

Улутстаткомдун кызматкерлери кезектеги ишембиликте Бүгүн, 2023 | Статистика KG

Улутстаткомдун кызматкерлери кезектеги ишембиликте
Бүгүн, 2023-жылдын 29-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппараты, жетекчилиги, Интеллектуалдык маалыматтар борборунун кызматкерлери менен биргеликте жалпы масштабдуу ишембиликке чыкты.
Ишембилик Көк-Жар айылынан баштап “Таштар-Ата” комплексине чейин жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгын жүзөөгө ашыруу максатында өткөрүлдү.