Турмушуңда тажап, кейип, түңүлүп...
Турсаң дагы моюн сунуп, бүгүлүп...
Чачылсаң да жиби үзүлгөн шурудай,
карегиңде жанып турсун бир үмүт.
Ал үмүттө жашайт билсең баарысы:
Максат, жашоо, сүйүү жана тирүүлүк.
Жаша гүлдөп, гүлгө арыдай жармашып,
Жүрөгүңдү калбаш керек чаң басып.
Ишен, иште, оку, сүйгүн сүйүлүп,
Сени алдыда күтүп турат чоң бакыт!
Бектурсун Адиев