Get Mystery Box with random crypto!

  2022-жылдын 23-августунда Россия-Казакстан мамлекеттик чек | Документ KG

 


2022-жылдын 23-августунда Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасындагы «Озинки» өткөрүү пункту аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйгөндүгү тууралуу маалымат келип түшөрү менен, 2022-жылдын 23-августунда Элчиликтин кызматкерлери Россия Федерациясынын Саратов облусуна жөнөтүлгөн.

Ушул жылдын 23-24-августунда дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери «Озинки» өткөрүү пунктунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жүрүшүндө, Москвадан багыт алган жүргүнчүлөрдүн агымы дем алыш күндөрү көбөйгөндүгүнө байланыштуу, эс алуу күндөрү унаалардын бир аз топтолушу адаттагыдай эле көрүнүш экендиги тууралуу маалымат алынган.

Учурда «Озинки» өткөрүү пунктунда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын топтолушу жок. Бул пункт аркылуу унаалар эркин режимде өтүүдө.

Белгилей кетсек, «Озинки» өткөрмө пунктунун өкүлдөрү Маштаково өткөрмө пунктундагы кесиптештеринен маалымат алып, алар да россия-казакстан мамлекеттик чек арасында жарандардын топтолушуна байланыштуу өзгөчө кырдаал болбогонун билдиришкен.