Get Mystery Box with random crypto!

КЭЭ КЭЭДЕ ОКУП ТУРУҢУЗ 1 Телевизор тиктебей эле коюнуз... | Жан дүйнөм❤️

КЭЭ КЭЭДЕ ОКУП ТУРУҢУЗ


1 Телевизор тиктебей эле коюнуз...


2 Сизди сатып кеткен адамга кайрылбаңыз. Ал өзгөрбөйт...


3 Башыңызга бир ой келдиби? Жазып алыңыз. Бир күн керек болот.


4 Өзгө жандын кыялдарына күлбөнүз...
Өзүңүздүкүн ойлоңуз...


5 Чындыкты гана айтыңыз, ошондо жалган сөздөрдү эске сактоонун кажети жок болот...


6 Ушак айтпаңыз. Түбү жакшылыкка алып келбейт...


7 Кичипейил болууга тырышыңыз. Кичипейил жандар- бийик шаарларды курушкан...


8 Өз катаңызды моюндай билиңиз...


9 Бирөөнүн алдында өмүргө арыздануу адатын таштаңыз. Сиздин кыйын маселениз эч кимди кызыктырбайт...


10 Мындай бир сөз бар "Эч нерсеге карабай алдыга умтулуу"
Көрүңүз балким жардам берет...


11 Кандай жагдай болбосун сабыр - сактаңыз. Кыйын саат да өтөт, эсиңизде болсун...


12 Унутпаңыз. Бир адам жасаганды башка адамдар да жасай алат. Ошол үчүн аракет кылганды токтотпоо керек...


13 Урушунуз, бакырып-кыйкырыныз - бирок эч качан жүрөккө тие турган сөздөрдү айтпаңыз. Сиз жарашасыз... а сөз жүрөктө түбөлүккө сакталып калат...


14 Эч ким, эч кимге, эч нерсе карыз эмес . "КАРЫЗ" сөзүн унутуп , сөз катарынан чыгарып таштаңыз. Антпесе чыны менен карызга батасыз , материалдык жактан да , моралдык жактан да...


15 Эртен эмес бүгүндөн баштап аракет кылыңыз. Жалкоонун эртеңи түгөнбөйт...



Сиздин колуңуздан келет , дайыма алдыга карап умтула бериңиз , артка кайтууну эч ойлобоңуз , максатары алсыз адам гана артка кайтат...