2022-06-17 15:44:45
Кайсы жакта блог ачып иштетсе болот?Ар кимибиз бир убакта өзүнчө бир блог ачып, аны алып баргыбыз келет. Же топтогон тажрыйбабыз менен бөлүшөлү деп, же кайсы бир маселелер боюнча өз ой-пикирлерибизди билдирели деп. Ага себептер көп болушу мүмкүн. Аны менен катар жазгандарыбыз да соцтармактардагыдай чачыранды болбой, кайсы бир иретте топтоштурулуп турса дейбиз. Бирок кайсы жакта блог ачып иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралганын билбегенибиз бизди токтотуп коет.
Төмөндө мен келтирген платформаларда ар бирибиз акысыз блог ачып иштетсек болот:
Blogger - Google компаниясына тийиштүү платформа. Өздөштүрүүгө жеңил. Бирок акыркы жылдары бул аянтчанын популярдуулугу бир аз солгундай түштү.
Яндекс Дзен - орусиялык платформа. Өтө жөнөкөй. Бирок башында окурмандарды табыш кыйын. Бул аянтчада кыргызча блогдордун жана кыргыз окурмандардын саны аз.
Teletype - жөнөкөй, бирок бир топ жакшы мүмкүнчүлүктөр каралган онлайн кызмат. Бул жерде да, тилекке каршы, кыргыз тилдүү окурмандарды табуу кыйын.
Medium - акын-жазуучулар, журналисттер, блогерлер арасында популярдуу платформа. Бир гана алардын көбү чет элдиктер. :-(
Аталган платформаларда блогерлер аянтчалардын ээлерине көз каранды. Платформа жабылса блогуңарды да башка жакка көчүрүүгө туура келет. Эгерде эч кимге көз каранды болгуңар келбей, өз блогунарды ачып иштеткиңер келсе мен
WordPress-те өзүнчө сайт ачып иштетүүнү сунуштайт элем.
Жакындан бери мен WordPress боюнча сабактарды өткөрө баштадым. Каалоочулар болсо окутуу курстарым тууралуу кенен маалыматты бул жерден алаласыздар.
#блогинг
__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо
301 viewsedited 12:44