Get Mystery Box with random crypto!

Кепти же аудиону текстке оодаруу жолдору тууралуу Мурдагы пос | ЖОЛ

Кепти же аудиону текстке оодаруу жолдору тууралуу

Мурдагы постторумдун биринде текстти үн чыгарып окутуу тууралуу азыноолак кеп кылган болчумун. Бул темага кененирээк дагы кайрылат болушубуз керек. А бүгүн, окурмандарыбыздын биринин суранычы боюнча, үн чыгарып окуганды, же аудио (видео) файлды текстке айлантуу жолдору тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Тилекке каршы, мындай кызматтарды көрсөткөн IT аспаптарда, программаларда кыргыз тили жок. :-) Айрымдарында бизге жакын казак тили бар, бирок ал көп учурда бизге туура келе бербейт. Ошентсе да мындай кызматка муктаждык чоң болгондуктан аларды серепке алып көрүүнү туура көрдүм.

Кепти же аудио (видео) файлды текстке оодарган кызматтарды карап чыгып алар онлайн кызматтар (конверторлор), копьютерге жүктөлүүчү атайын программалар, мобилдик тиркемелер, браузердик кеңейтмелер болоорун байкадым. Алардын баардыгын бир постто чагылдыруу мүмкүн эмес. Ошону үчүн бул темага арналган 2-3 пост болот.

Мен адатынча акысыз колдонууга боло тургандары, колдонууга жеңилдери жана салыштырмалуу сапаттуу иштегендери жөнүндө сөз кылам.

Онлайн кызматтар (конверторлор):

Google Документер - биринчи кезекте эле ушул кызмат эске келет. Аны колдонуу жолдору тууралуу “ЖОЛ каналына” даярдалган видеонун биринде сөз кылган элем.

Speechpad - Chrome браузерине гана эсептелген атайын кызмат. Сүйлөгөн сөзүңөрдү, же аудио менен видеону текстке оодаруу мүмкүнчүлгү бар. Windows, Mac жана Linux операциялык системаларын эсептелген атайын модулдары - кеңейтмелери каралган. 15 тил менен иштейт (анын арасында казак тили бар).

Dictation - англис тилиндеги кызмат. Ал дагы Chrome браузеринде гана иштейт. Кепти гана текстке айлантуу каралган. 100 тил менен иштей алат (бирок кыргыз тилин гана эмес, казак тилин да колдобойт).

Speechlogger - толугу менен акысыз кызмат. Оодарылган текстти автоматтык түрдө башка тилге которуу мүмкүнчүлүгү да каралган (бирок мен аны иштете албадым).

Silero - акысыз 60 мүнөткө чейин файл менен иштесе болот. mp3, wav, opus - ogg opus, ogg - ogg vorbis, flac, aiff, aac, m4a форматтагы файлдар менен иштей алат.

RealSpeaker - аудио же видео файлдарды жүктөп текстке оодарса болот. Бир гана акысыз 1,5 мүнөткө чейинки гана файлды иштете аласыңар.

Vocalmatic - бул кызмат дагы аудио же видеону текстке оодара алат. Бирок бул кызматта катталуу керек. Анан да бекер 30 мүнөткө чейинки файлды гана текстке оодарып алса болот.

Gglot - бул кызмат дагы акысыз 30 мүнөткө чейинки файл менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо