Get Mystery Box with random crypto!

Смартфонду каякка койгонуңарды унутканда пайдалуу болоор тирке | ЖОЛ

Смартфонду каякка койгонуңарды унутканда пайдалуу болоор тиркемелер

Азыр эле кармап турган смартфонуңарды каякка койгонуңарды эстей албай, аны издеп убара болгон учурлар болду беле силерде? Менде андай учурлар көп болот.

Ошону үчүн төмөнкү андроид смартфондорго эсептелген тиркемелерди тууралуу окуп алып катуу кубандым.

Аларды орноткондон кийин, ышкырып же кол чаап койсоңор эле смартфонуңар силер тандаган үндү чыгара баштайт (же дирилдейт, же жарык чыгарат, же алардын бардыгын бир эле убакытта кылат).

Эми көп издеп убара болбойсуңар.

Ышкыруу менен телефонду табуу

Кол чабуу менен телефонду табуу

Бир гана эскерте кете турган нерсе, аталган тиркемелерди акысыз колдонгуңар келсе, анда көп сандагы жарнамаларды көргөнгө даяр болгула.

P.S. Мага кол чабуу менен телефонду табуу ыңгайлуу эле, бирок ал менде жакшы иштебей койду. Балким, силерде башкача болоор.

#башка

__________________________
Рубрикалар | Канал тууралуу | “Жол VIP"ге жазылуу | Колдоо