Get Mystery Box with random crypto!

Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу // Интернеттен бир маалымат | ЖОЛ

Маалыматтык “көбүктөн” чыгуу жолу //

Интернеттен бир маалыматты издегенден кийин каякка барба ошол темадагы жарнамалар силерди дайыма коштоп жүрөрүн байкасаңар керек. Бул браузердин сизди кызыктырган темаларды эсине тутуп алып, сизге кийин ошол темадагы жарнамалык маалыматтарды сунуштап жатканы. Балким, ушул маалымат дагы кызыктырып калаттыр деп.

Бул жарнамалык материалдарга гана тийиштүү эмес. Издөө кызматын колдонгондо да, адатынча, сизди кызыктырышы мүмкүн мааалыматтар (сайттар) гана сунушталып турат.

Бул социалдык тармактарынын көбүндө да байкалат. Соц тармактар колдонуучуну кызыктырган маалыматтарды, досторунун жазууларын сунуштаганга аракеттенет.

Бул, жогоруда айтып кеткенимдей, адамга кызыктуу болгон маалыматтарды гана сунуштоо ниети менен жасалат. Бир чети - бул жакшы. Менин кызыкчылыгыма туура келген, керектүү маалыматтар менен гана таанышып турам. Бирок башка жагынан, биз окуган гана маалыматтардын негизинде дүйнөдө ушулар гана болуп жаткан турбайбы деген калпыс жыйынтыкка келишибиз мүмкүн. Толтура башка маанилүү жаңылыктар, маалыматтар биздин көз жаздымыбызда калып калууда.

Муну “маалыматтык көбүк” деп коет, башкача айтканда, биз интернет-кызматтар кызыкчылыгыбызга тууралап сунуштаган көбүк сыяктуу маалыматтардын ичинде гана жүрөбүз.

Маалыматтык көбүктөн чыгуунун кандай жолдору бар?

Издөө кызматын колдонуу керек болгондо - барузердин кэшин тазалап чыгуу керек, же браузердин “Инкогнита” режимин колдонгула;

https://duckduckgo.com/ издөө кызматын колдонгула - ал колдонуучу кайсы сайтка киргенин, кандай маалыматтар менен таанышканын эсинде сактабайт, а демек ага жараша маалыматтарды сунуштабайт;

Соцтармактарда - жөндөөлөр жасалчу жерде “Акыркы маалыматтарды көрсөтүү” дегенди тандоо зарыл.

#медиа

#башка 

__________________________

Каналдын менюсу

Авторго колдоо көрсөтүү