Get Mystery Box with random crypto!

Видео 18+ Тестиерлер эки бир туугандын балдары болушкан. Жа | Chyndyk_kg

Видео 18+

Тестиерлер эки бир туугандын балдары болушкан.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Боз-Чычкан айылында эки баланы ат басып калып, экөө тең каза болду. Маалыматты облустук милиция тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, балдардын сөөгү бүгүн жерге берилди. Алардын бири 12, экинчиси 8 жашта болгон. Күтүүсүз кырсыктан каза болгон окуучулар бир тууган ага-ининин балдары экени айтылды.

"Окуя 5-ноябрь күнү саат 15:00дөр чамасында болгон. Барпы айылдык ооруканасынын Тез жардам кызматы милицияга эки баланы ат басып калып, окуя болгон жерде каза болушканын билдирген. Билдирүү Сузак райондук ИИБдин маалыматтардын электрондук журналына кокустук катары катталды. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Текшерүү учурунда балдардын ата-энеси арыз жазуудан жана сөөктөрдү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартты", — дешти милициядан.