Get Mystery Box with random crypto!

Мышыктын башына секире тепкен жаранга сот өкүм чыгарды Соци | Chyndyk_kg

Мышыктын башына секире тепкен жаранга сот өкүм чыгарды


Социалдык тармактарда жарандын мышыктын башына секирип тээп, кетип калган видео пайда болгон.

Окуя Казакстанда 4-октябрда болгону аныкталган. Актаудагы жаныбарлардын укугун коргоочулар ал кишини кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышкан.

Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин «жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу» беренеси боюнча аталган жаран 60 саатка коомдук жумуштарга тартылды. Сотто жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, кылган ишине өкүнүп жатканы эске алынган.