Карагандада кафеге келген жигит менен кыздын мушташа кеткенин күбөлөр видеого тартып алышкан. Мушташкандардын бири оюн-зоок мекемесинин айнегин сындырган, деп билдирет KAZ.NUR.KZ басылмасы.
Окуя Караганда шаарынын борборундагы Нуркен Абдиров проспектисинин боюнда жайгашкан кафелердин биринин короосунда болгон.
Интернетке тараган видеодо кыздын оюн-зоок мекемесинин алдындагы көчөдө эркек кишинин колу-бутунан тарткылап жатканы түшүп калган. Ошондой эле жигиттин айланасындагылардын баарын кыйратып жатканы тартылган.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин бир нече адам окуяга аралашып, ачууланган жигитти сабырга чакырган.