Get Mystery Box with random crypto!

17-июнь күнү айрым интернет булактарында Ош шаарында белгисиз | Chyndyk_kg

17-июнь күнү айрым интернет булактарында Ош шаарында белгисиз жарандардын мушташып жаткандыгы боюнча видео тарады. Бул окуя боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгы үн катты.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 3-июнунда саат 20:00 чамасында Ош шаарынын Тилеке баатыр көчөсүндө жайгашкан «Куб-Хаус» конок үйүнөн чыккан мас абалындагы жигиттер менен аталган көчөнүн 1990 жана 1999-жылы туулган бир тууган жашоочуларынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Натыйжада конок үйүнөн чыккан жарандар бир туугандарга кол көтөрүшүп, денелерине көптөп залал келтиришкен.Бул факт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө бейбаштык катары катталып, шектүүлөрдү кармоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер көрүлгөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ошол эле күнү бул кылмышка шектүү катары 5 жаран кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.