Get Mystery Box with random crypto!

Социалдык тармакта аскер кийимин кийген эки жигиттин мушташы т | Chyndyk_kg

Социалдык тармакта аскер кийимин кийген эки жигиттин мушташы тарады.

Тактап айтканда, алар бир топ адамдардын курчоосуна алынган жип менен тосулган жерде мушташкан.

Кадрдан жоокердин коргонууга да алы келбей калганын көрүүгө болот. Анысына карабай, каршы тараптагы жоокер аны аёосуз тээп, согуп, суй жыгылткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары бул нерсени сырттан карап тургандардын арасында жаш өсүпрүм-бөбөктөр да бар экенин сынга алып, жаш балдардын психологиясына таасир этиши да мүмүкүн экенин жазышууда.

Жоокерлердин үрөй учурган күч сыноо учурундагы кадрлар Кыргызстандын кайсы аскердик бөлүгүндө болгону азырынча белгисиз.

Бул ар бир аскер кызматын өтөөгө барган жоокердин жашыл береттерге кабыл алуу сынагы экени айтылууда.

Бирок, бул көрүнүшкө бей-жай карабагандар да бар. Коомчулукта жоокерлердин дал ушундай жолдор менен машыгуусу туура эмес деп нааразычылык билдиргендер да бар.

Бул видео боюнча биздин редакция тиешелүү күч түзүмдөрүнүн түшүндүрмөсүн чагылдырууга даяр.