Get Mystery Box with random crypto!

Урматтуу Чөйрөчүлөр! Мекенибиздин Эгемендүүлүк күнүнө карата | Чөйрө Коомчулугу

Урматтуу Чөйрөчүлөр!

Мекенибиздин Эгемендүүлүк күнүнө карата сиздер үчүн атайы жолугушуу уюштуруп жатабыз.

Жолугушуубуздун коногу - биздин желбиреген туубуздун авторлорунун бири Жайчыбеков Бекбосун Карабекович.

Жайчыбеков Бекбосун Карабекович – сүрөтчү, Кыргызстандын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири. Кыргызстандагы балдар китептеринин көрүнүктүү сүрөтчүсү, эл аралык китеп конкурстарынын жана көргөзмөлөрүнүн жеңүүчүсү болгон.

Балдарга арналган жана окуу китептерин көркөмдөөдө сиңирген эмгеги үчүн КР билим берүүсүнүн отличниги, КР маданиятынын мыкты кызматкери, Кыргыз Эл сүрөтчүсү наамдарын алган.

Ысык-Көл областынын жана Түп районунун ардактуу атуулу, сурөтчүлөр жана журналисттер союзунун мүчөсү, “Руханият” эл аралык ассоциациясынын ардактуу мүчөсү.

Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз. Кызыктуу маекке күбө болуп кетиңиздер.

Алып баруучу жана модератор: Гулира Калыкова

30-август, 20:30

Zoom-шилтеме:

https://us06web.zoom.us/j/83482248758?pwd=SmpuV21XRG03L21tQ05SS0hLbmYyQT09