Get Mystery Box with random crypto!

Урматтуу Германиядагы жердештер, сиздерди «Немис-кыргыз мадани | Чөйрө Коомчулугу

Урматтуу Германиядагы жердештер,
сиздерди «Немис-кыргыз маданий коомунун» атынан Берлинде, 21-августта кечки саат 18:00 дө боло турган «Ибарат» этно-фольклордук ансамблинин чакан концертине чакырабыз.

Бул концерт аталган ансамблдин өз демилгеси жана Германиядагы, Чехиядагы жана Франциядагы бир катар уюмдардын көмөк көрсөтүүсү менен Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп жатат.

Концерт кыргыз элинин улуттук жети аспаптарынын коштоосунда аткарылчу жыйырмага жакын салттык ыр-күүлөрдү камтыйт.

Маданий иш-чара Юнус Эмре институтунда өтөт (Kronenstr. 1 10117 Berlin) жана бейрасмий чай үстүндө баарлашуу менен аяктайт. Дасторконго кошумча кылсаңар, кубанычта болобуз