Get Mystery Box with random crypto!

Арыбаңыздар, достор! ⠀ Назарыңыздарда “Чөйрөчүлөр баяндайт” р | Чөйрө Коомчулугу

Арыбаңыздар, достор!

Назарыңыздарда “Чөйрөчүлөр баяндайт” рубрикабыз! Бул рубрикабызда сиздерди Чөйрөчүлөр менен тааныштырып турабыз.

Бүгүнкү каарманыбыз — “Чөйрөнүн” активдүү катышуучусу, “Kelechek.Digital” веб-студиясында Front-End Developer кесибин аркалаган Айнагүл Шабданова болмокчу. Айнагүл айым программалоого жана “Чөйрөгө” карай келген жолун калемге алды:

“Мектепти бүтүрүп, өзүм программалоону тандап, документимди КНУ нун КАФына  тапшыргам, бирок ата-энем кыздардын кесиби эмес деп каршы болуп, документтеримди алып кетүүгө туура келген.

Арадан жылдар өттү. Күтүлбөгөн жерден бир нече жыл туруктуу иштеп келе жаткан жумуштан кеткен соң, өзүмчө  жумуш баштап иштөөнү чечтим. Бир нече тармакта иш алып барып, баарын укмуш иштетип кете албасам да, ийгиликтүү болду десем болот.

Ортодон Covid-19 башталып, ал жумуштарды токтотууга туура келди. Пандемия учурунда көбүнүн эле башына келген суроо менде да жаралды.  Мен мындан ары эмне жумуш жасайм? Мени чынында эмне кызыктырат? Жана өзүмдү 10 жылдан кийин кайдан жана кандай көрөм?

Изденип баштап, буга чейин бир нече жолу досторумдун “Сен ITге барышың керек” деген сөздөрүн эстедим. Бирок эмнегедир  убагында ал сөздөргө жакшы көңүл бурбай койдум.

YouTube, Инстаграмдан биздин жердештердин IT тармагында жаратып жаткан ийгиликтерин көрүп, өзүнчө кудуңдап сүйүнүп, мен да Бишкектен жакшы курстарды караштырып баштадым. Бирок баасын чөнтөгүм көтөрө албаганын билип, кайра жумушка орношууга чечтим. Айлык-маянасына кечки программалоо курсун окуйм деп.

Бирок эмнегедир эч жолум болбоду, бир канча интервью өтүп, биринен өтсөм мага жакпайт, же мен жакпай дегендей. Абдан ойго батып жүргөн күндөрдүн биринде, Инстаграмдан Айдана Өмүрбаеванын баракчасынан  жарыя көрүп, Жылдыз Академиясы менен бирге уюштуруп жаткан  "Келечек" долбооруна дароо жазылып, окуп калдым.

Жашоом  дароо 180  градус жакшы нукка бурулуп, буга чейин көксөп келген, өзүмө жаккан кесипке ээ болуп, сонун бир "Чөйрөгө” кошулуп, азыркы тапта “Kelechek.Digital” веб-студиясында  эмгектенип жатам.”

Биз менен өзүнүн кызыктуу окуясын бөлүшкөн каарманыбыз Айнагүл Шабдановага ыраазычылык билдирип, ийгилик кааламакчыбыз

#чөйрөчү