Get Mystery Box with random crypto!

Куран менен ойнобогула! Муфтият саясатчыларга кайрылды 'Дарыг | BOLA TARBIYALO 🌙

Куран менен ойнобогула! Муфтият саясатчыларга кайрылды

"Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз!

Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла. Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок", —деп жазылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңеште казинолорго уруксат берүү мыйзамы каралып жатканда депутат Арслан Малиев колуна Куранды алып, Бакара сүрөөсүнүн 219-аятында кумарканалар "адамдар үчүн бир аз пайдасы бар" деп жазылганын айткан. Депутаттын бул сөзү кооомчулукта талкууга түшкөн.