Get Mystery Box with random crypto!

Бүгүн дипломумду алдым. Эки тармакты аяктадым: 1. Химия 2. | Белгисиз Маршрут (Билимот)

Бүгүн дипломумду алдым. Эки тармакты аяктадым:
1. Химия
2. Компьютер илимдери жана инженериясы

Дайымкыдай эле мен бир нерсеге жеткенде менден да катуураак кубанган досторум, жакындарым болду. Бул дипломдун мен үчүн кадыр баркы күн сайын өсүп жатты. Анткени дипломду алганымдан кийин жумушта көтөрүлүү болот деп айткан.

Канча кызыктуу күндөр менен кошо стресстик тапшырмалар болду. Бир жолу татаал тапшырма берген профессорду ичимден 1-2 күн сөгүп жүрдүм. Аягында заметкама жазып сөктүм.

Үй-бүлөбүздүн алгачкы диплому. Диплом мен үчүн эч нерсе чечпейт. Канча дипломдуу адам көрдүм, ой жүгүртүүсү мурдунан алыска кетпейт. А менин ата-энем күнүмдүк турмуштан башканы ойлой алган адамдар деп эсептейм. Бул диплом менин гана эмес, баарыбыздын эмгегибиз.

Бир изилдөөчү айткандай: “Эшекти да 20 жыл университетке байлап койсоң окумуштуу болуп чыгат.” Миңди билген, миң жеңген да, миңден жеңилген менен барабар. Кырк жыл таза жашаган олуя менен кырк жылдык шуркуянын эмгегинде айырма бар, деңгээлинде жок деп эсептейм.