Get Mystery Box with random crypto!

Жогорку математика (университет математикасы) Жогорку математ | Белгисиз Маршрут (Билимот)

Жогорку математика (университет математикасы)

Жогорку математиканы тереңдетип окуу негизи мурдатан кыялымда бар десем болот. Универде канчалык аракет кылбайын корейлерге такыр жете алган жокмун. Алар мектепте эле тереңдетип окушат экен. Бирок алар да, мен да мектепте өтпөгөн дискреттик математикадан корейлердей эле балл ала алдым.

Негизи жогорку математика компьютердик илимдерде, финансыда, физика, химия жана башка так илимдер тармагында мыкты адис болом деген адамга сөзсүз керек. Азыркы план боюнча функциялар, лимиттер, туундулар, интегралдар жана дифференциалдык теңдемелер боюнча суроолорду иштеп ютубга чыгаруу. Менимче жалпы 1-2 жыл убакыт кетет, баарын тереңдетип чыгарганы.

Өзүмө бышыктап үйрөнүү болот. Thomas Calculus 12th ed. китеби боюнча иштеп кетебиз.

Алгачкы видеого шилтеме: Жогорку математика 001 || Функциялардын аныкталуу областы жана маанилери.