Get Mystery Box with random crypto!

4-класс кызым 1000 сомдуктарды уурдап жатат. Кантип бул жолдон | BILESINBI.KG

4-класс кызым 1000 сомдуктарды уурдап жатат. Кантип бул жолдон кайтарам?

Кандайсыздар? Менин кызым 4-класстын окуучусу. Акча уурдап жатат. Эмне кылсам болот? Биринчи билгенде да, ачуум келип аябай урушуп, уруп салгам. Экинчисинде түшүндүрүп урушкам. "Сени эч ким көрбөсө да, кудай көрүп турат", ж.б ушул сыяктуу сөздөр менен. Бирок бүгүн дагы байкадым, аябай жиним келип, катуу урушуп, урдум. "Деги сен кандай адамсың?"- дедим. Эмне кыларымды да билбей калдым. Аябай кыжалат болуп жатам. Кантип тарбиялайм? Кантип бул жолдон кайтарам? 100-200 сом эмес, 1000-1500с өлчөмдө алып жатат.

Сиз кандай кеңеш бересиз ?