Get Mystery Box with random crypto!

Күндөр өтүп жатат. Адамдар кайдадыр шашылышат. Убакыт кургур б | БИЙИКТЕ БОЛ!!!🇰🇬

Күндөр өтүп жатат. Адамдар кайдадыр шашылышат. Убакыт кургур бир саамга токтобойм дейт го...
Мына, арадан бир нече убакыт өттү. Жашоо өз нугунда агылып барат. Бирок ошол эле учурда эмне деген окуялар болуп өттү. Күлдүк, ыйладык, сүйдүк, жек көрдүк, куладык, турдук, баарынан сабак алдык.
Алдыда дагы канча мезгил аралыгын чоюп турат билбейбиз, бирок жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн түнөк тапкан адамыбыз менен өмүр сүргүбүз келет калганын. Динде кыз да, бала да түгөйүн тандаганга укуктуу дейт. Тандообуз үчүн өкүнбөйлү, өкүнбөө үчүн туура тандайлы.