Get Mystery Box with random crypto!

Нух пайгамбардын заманында адамдар 800-1000 жыл өмүр сүрчү эке | Бейиш жолу

Нух пайгамбардын заманында адамдар 800-1000 жыл өмүр сүрчү экен. Бир күнү бир аялдын баласы каза болот. Аял абдан кайгырып көз жашын төгөт. Анын көңүлүн жубатуу үчүн бир акылман адам келип:
–Эмне мынча ыйлайсың бул Аллахтын тагдыры, -деп, көңүл айтат. Тиги болсо:
–Мен тагдырга нааразы болуп ыйлаган жокмун, баламдын аз жашап кеткенине өкүнүп жатам,-дейт.
–Балаң канча жашта эле?
–Эки жүз жетимиш беш.
–Ушуга ыйлайсыңбы, анда акыр заман адамдары эмне кылат? Алар болгону 60-70 жыл жашашат.
–Алар чын эле ошондой аз жашайбы?
–Ооба.
–Анда алар үй салышпайт го?
–Алар бир эмес, бир канча үй салганга жетишет.
–Мен алардын ордунда болсом, чатырымдын казыгын да жаңылабайт элем. Аял ушинтип өзүн жубатып, ыйлабай калды.

Периштени ыйлаткан наристе китебинен