Get Mystery Box with random crypto!

Түнкү радио Баары өнүгүп, сен эле бир ордуңда калгандайсың э? | Alleya🕊️

Түнкү радио
Баары өнүгүп, сен эле бир ордуңда калгандайсың э?
Баары бактылуу, сен эле кызыксыз жашоодосуң э?
Баары сүйүлүп, сүйүп жашоодо. Сен гана жалгызсың э?
Баарында, айтор, баары жакшы. Сенде гана баары артка кетип баратат э?

Шүгүрсүздүк.
Инстаграм, Тик Ток сыяктуу желелерде күн кечирип, таң атырабыз. Бирөө саякаттап жүргөн, башкасы дүңгүрөтүп той жасады, дагы бири үй алса, башкасы унаа менен ата-энесин кубандырууда.

“Кыйынчылыктар мага эле келе берет. Жашоо адилетсиз! Баарынын жашоосунда ак барактар, эмнеге менде кара?”-деген ойлор келет э?

Баарында кыйынчылык бар. Баарынын башында бир сыноо, бир түйшүк. Айырма эмнеде? Бирөө кыйын күндө да өзүнө дем берип, түшкөг чуңкурунан шүгүр менен чыгып кете алат. Башкасы “Мага эле ушундай кыйынчылыктар берилет!”-деген ойдо, жашоого нааразы болуп өтөт. Ал үчүн жашоо - адилетсиздик. Аны менен күрөшүү керек, каршы туруу керек. Жеңүү же жеңилүү керек.

Баары мээде. Жашоо менен күрөшүүнүн, жеңүүнүн, жеңилүүнүн кереги жок. Жашоону жөн гана жашоо керек. Ар бир мүнөттү жаша. Бирөөнүн ийгилиги көрө албастык эмес, суктануу жаратсын. Сага дем берсин. Эмнеге сенде энергия жок? Эмнеге кызыгуу жок? Сенде салыштыруу, көрө албастык, шүгүрсүздүк жогору…