Get Mystery Box with random crypto!

9 ай мурда Алматыга баратып, казак таксистке 500 тенге (97 с) | Alleya🕊️

9 ай мурда Алматыга баратып, казак таксистке 500 тенге (97 с) карыз болгом
“Бишкекке кайтканда бизди ала кетсеңиз. Ошондо 500 тенгени берейин”-деп, бирок ал таксист Бишкекке келбей калган.
Андан бери 2-3 жолу Алматыга бардым. “Тилек аганы тааныйсызбы?”-деп Кордайда тургандардан сурап, таппай койдум. “500 тенге карыз элем”-деп ичим тынч эмес)
Апасы кыргыз, атасы казак эле. “Таап калсам жакшы болмок”-деп жүрөм. Карыз жаман. “Кокус карызым менен оо дүйнөгө кете берсемчи?”-деп коркуп кетем.