Get Mystery Box with random crypto!

*Өзбек киносун бакыртып коюп алган чоң апа, мультфильм көргөн | Alleya🕊️

*Өзбек киносун бакыртып коюп алган чоң апа, мультфильм көргөн жаш бала, уктап бара жаткан жаштар. Москвадан үйүнө кайткан келин. Жолдон кошулуп алып, тик туруп бараткан кишилер.
Автобус, маршруткага түшпөгөнүмө көп болду эле. Элдин аурасы башка. Өзгөргөн. “Президент күнөөлүү. Депутат жаман”,-деген сөздөр жок. Ушакташкан аялдар жок. Жаштардын көпчүлүгү телефон менен (мага окшоп :)…

*Үйдөгүлөр сагынып, мени чакырышты. Баратам. Күн ысык.
“Сени тосуп алганы баратабыз”-деген билдирүү келди. Сонун сезим. Сени күткөн адамдардын бар экендиги.

*Көптөн бери Баткенге көчүп, өзүбүздүн шаардын жаштарынын башын бириктирип, жакшы проекттерди баштагым келип жүрөт. Мен го даярмын. Башкаларчы?)