Get Mystery Box with random crypto!

Каарманда пайда болгон ойлор: *Кыргызстанды өнүктүрүүнү каала | Alleya🕊️

Каарманда пайда болгон ойлор:

*Кыргызстанды өнүктүрүүнү кааласаң, чет өлкөнүн экономикасына эмес, өзүбүздүн экономикабызга иште.

*Кайсы шаарда, айылда төрөлсөң, ошол жерде өнүккөнгө аракет кыл. Мүмкүнчүлүк чоң шаарларда гана эмес.

*Тажрыйба үчүн чет өлкөгө чык. Бирок өлкөңө кайт. Бош кайтпа, идея, жаңы ойлор менен кайт.

*Бардык нерсе майдадан башталат. Асмандан миллион түшүп калуусун күтпө.

*Өзүңдү баала. Өз билимиңди баала.

*Чөйрөңдү изде. Тазала.

*Токсик адамдар сендеги өзүңө болгон ишенимди азайтат.

*Эч кимге суралбаган кеңеш бербе.

*Дос көрүнгөндүн баары дос эмес. Кызыкчылык үчүн жүргөн көп.

*Максатыңа жетүү үчүн кээде кээ бир нерселерден баш тартуу керек. Оюн-күлкүдөн, уйкудан же адамдардан.

*Ар бир адамдын бут кийими ар башка. Баскан жолу, ичкен суусу башка. Өзүңдү башкага, башканы өзүңө салыштырба.